Жаман-Суу мөңгүлөрү

Википедия дан

Жаман-Суу мөңгүлөрүБорбордук Теңир-Тоодогу Май-Баш кырка тоосунун ачасында жайгашкан эки ири мөңгү (Түндүк жана Түштүк). Сары-Жаз дарыясынын сол куймасы Жаман-Суунун башында. Түндүк Жаман-Суу мөңгүсүнүн узундугу 5,3 км, аянты 4,8 км2. Төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5100 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4150 м. Абляциясынын аянты 2,1 км2. Түштүк Жаман-Суу мөңгүсүнүн узундугу 5,0 км, аянты 4,6 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]