Майбаш тоосу

Википедия дан

Майбаш тоосу - Борбордук Теңир-Тоодо. Бозкыр кырка тоосунун ортоңку бөлүгүнөн Сары-Жаз суусуна чейин 22 кмге созулат.

Туурасы 16 км. Орт. бийикт. 4900 м, эң бийик чокусу 5281 м (батышында). Түш. капталы тик, кургак, түндүгү жантайыңкы нымдуу. Палеозойдун башталышында пайда болгон мрамор, акиташ теги, сланец, кумдук ж-а гранитоид тоо тектери чыгып жатат. Байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган. Мөңгү 13,1 км2 аянтты ээлейт (батыш бөлүгү мөңгү м-н текши капталган). Түн. капталында Айрансуу, Сарытөр, Карагайлы, Жамансуу деген өрөөн мөңгүлөрү, түштүгүндө асылма мөңгүлөр бар. Токойлуу бийик тоо, шалбаалуу бийик тоо талаасы (2800–3000 м), субальп (3200–3400 м) ж-а альп шалбаасы (3000–3700 м), гляциалдык-нивалдык (3700 мден жогору) ландшафт мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2