Жамбы атуу

Википедия дан

Жамбы атуу – кыргыздын байыркы улуттук оюндарынын бири.

Жамбы атмай оюну жөнүндө “Манас” эпосунда, фольклордук, тарыхый чыгармаларда өтө көп жолугат. Ар түрдүү формада жана ар кандай салмакта уютулган, илгерки заманда акча ордуна жүргон күмүш – жамбы деп аталган. Аш-тойлордо жамбыны бийик жерге илип коюп көзгө атар мергендерди сынашкан. Жамбы мурда жылкынын куйрук кылына байланып илинген. Жамбы атуучулар ошол кылды үзө атып, жамбыны түшүрүшкөн. Жамбыны илгери жаа менен атышкан. Кийин мылтык менен атууга өтүшкөн. Мелдешке 16 жаштан жогорку оюнчулар бытыра мылтык жана ээр токумдуу ат менен катышат. Мылтыктын калибри, бытыранын номери, катышуучулардын саны ж.б. шарттар мелдешти өткөргөн уюм тарабынан аныкталат.Аянт кыштактын четинде кеминде 500*500 метр өлчөмүндө болууга тийиш. Учунда 3 - 4 метр туура жыгач бекитилген 10 - 15 метр узундуктагы шыргый тикесинен орнотулат. Ага кыйыкка байланган бута (“жамбы”) илинет. “Жамбы” 25*30 сантиметр чоңдугунда кагаз же фанерадан кара боёк менен боёлуп куш түспөлүндө жасалат. Калыс мелдешти баштоого белги бергенде кезектеги оюнчу мылтыгын октоп, ат чаап бара жатып бутаны атат. Окту бутага 70 – 75 метр калганда чыгарыш керек. Башка да бир түрү боюнча бута 7 – 8 метр бийиктикте Г тамгасына окшоп устунга илинет. Ок 25 – 30 метр ден атылат. Жамбыны жөө туруп 100 метрден, атчан бастырып баратып 50 метрден атса да болот. Ок бутага тийсе 1 упай берилет. Бардык чыгууларда эң көп упай алган жаат же аткыч мелдештин жеңүүчүсүдеп аталат.

Маалымат булагы: Токторбаев С. Өспүрүмдөр оюндары.