Жаналиев Насырынбек

Википедия дан

Жаналиев Насырынбек - (5. 5. 1909, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Жар айылы – 18. 10. 1989, Бишкек) – журналист, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1974). Фрунзе педагогика техникумду (1928), КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти (1953) бүтүргөн. Кыргызстан журналисттер союзун түзүүнүн демилгечилеринин жана уюштуруучуларынын бири (1957). 1929–37-ж. комсомолдун Фрунзе шааркомунун биринчи, Өзгөн райондук комитетинин секретары, Ош облустук комитетинин бөлүм башчысы, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1929–37), Кыргызстан КП БКда инструктор-уюштуруучу (1937–39), «Кызыл Кыргызстан» (кийин «Советтик Кыргызстан») гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, башкы редактор, башкы редакторунун биринчи орун басары (1939–42, 1964–75) жана өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1967–71), «Ардак Белгиси», Улуу Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1