Жандралиев Өмүргазы

Википедия дан

Жандралиев Өмүргазы (1923, Суусамыр өрөөнү, Тескей кыштоосу - 1997, Суусамыр кыштагы) - алгачкы агартуучу. Эмгектин жана согуштун ардагери.

Фрунзедеги № 5 мектепти (1940) жана мугалимдер окуу жайын бүтүргөн (1943). Эмгек жолун Панфилов районундагы Эркин-Сай орто мектебинде мугалим болуп баштап, ошол жерден Улуу Ата-Мекендик согушка кеткен. Согуштан келип, мугалимдик кесибин уланткан.

Кийинчерээк Суусамырдагы Каракол башталгыч мектебинде директор (1960), андан соң Суусамыр айылдык кеңешинде төрага, Суусамыр орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген.

Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги. Токтогон уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9