Жаныбек Жакыпбеков

Жаныбек Жакыпбеков (25.5.1946, Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы - 04.8.2026, Бишкек[1]) – Кыргызстандагы заманбап тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн тарыхнаамасы боюнча бараандуу адис.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаныбек Жакыпбеков 1946-жылы 25-майда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Кум-Арык айылында мугалим Жакыпбек Кожобек уулунун үй-бүлөсүндө туулган. Теги - кыргыздын накай уругунан. Жаныбек - үй-бүлөнүн тун баласы.
Анын атасынын агасы Чалаке Кожобек уулунун бир уулу Мурат Кожобеков да тарыхчы илимпоз.
Жаныбек туулуп-өскөн айылындагы орто мектепти аяктаган.
Советтик Армиянын катарында (1972-1974 ж.ж)кызмат өтөп, Чыгыш Германия (ал кездеги ГДР) жергесинде болгон. Улук лейтенант даражасына жеткен.
1974-жылдан баштап Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетинде СССР тарыхы кафедрасында эмгектене баштаган.
КУУнун ар кыл кафедраларында иштеген.
Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин байыркы жана орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы да болгон, соңку жылдары КУУнун Кыргызстан тарыхы каедрасында профессор кызматын аркалаган.
Революцияга чейинки XIX к.-XX к. башындагы Кыргызстандын тарыхы жана тарыхнааамасы (историяграфия) боюнча белгилүү адис болчу.
Анын изилдөөлөрү Кыргызстандын Орусияга каратылышынан кийинки мезгилдеги улуттук-боштондук кыймылдын тарыхнаамасына арналган.
Улуу Үркүндүн тарыхнаамасы боюнча бир катар заманбап иликтөөлөр жүргүзгөн.
Ал 120дан ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 3 монографиянын жана бир нече окуу колдонмолорунун автору эле.
2013 жылы профессор Ж. Жакыпбеков Кыргызстандын оторчулук доорундагы социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалынын тарыхнаамасынын маселелери боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
2026-жылы 4-августта Бишкек шаарында дүйнө салды. [2]
Маркумдун сөөгү 2-26-жылы 6-августта өзү туулуп-өскөн Кум-Арык айылындагы көрүстөнгө коюлмакчы.
Төкмө акын Амантай Кутманалиев жазган кошок
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
=== "Саргашкам" деп эркелеткен иниңизден жоктоо ыр: ===
- Жакыпбеков Жаныбек
Жайдар мүнөз жакшы адам.
Өтүптүрсүз дүйнөдөн
Өлүмдүн боору таш жаман.
Тарых иштер таанымал,
Бирок
Таланттуу элең башкадан.
Улуттун өнөрпостору
Сизди,
Устаттар дагы мактаган.
Эсенаман обонун
Эң алгач Сизден жаттагам.
Уламыштарын өткөндүн
Ушул сиз эле какшаган!
Айтыш коомдо баштагы
Акындар сизди жактаган.
Олжобай келип чакырып
Олтурсак угуп - башка адам.
Лекция, насаатыңызды
Эстешет нечен жаш балаң.
Улуттук китепкана эле
Уяңыз арбын каттаган.
Ал жерден далай жолугуп
Айтканың эске сактагам:
"Ар дайым көрөм сени эле
Акындардан көп келген.
Көп окуган тарыхты
Көркөм ой алат өткөндөн.
Мында көп байлык казына
Арстанбек баштап төкмөңдөн,
Төрө акындар тому көп
Төрт тарабы төп келген.
Аларды толук билсеңер
Алдырбайсыңар эч жерден"
- дегениңиз эсимде
Экинчи кабат четинде.
Тизилген картатеканын
Тикелей маңдай бетинде.
Алгачкы айтышка катышып,
Айтышкансыз кезинде.
Айла жок курган шум ажал
Аргасыз кылды кетүүгө.
А бирок сиздин эмгекти
Алтымыш аалым тарыхчы.
Айтышып жатат эскерип
Ал сиз ачкан багытты.
Карылыгыңыз байкалбай
Карманчы элеңиз калыпты.
Эмнеге таштап кеттиңиз,
Эртерээк мобул жарыкты?!..
Эсимде айткандарыңыз
Эскерип Барпы Калыкты.
Сонун айтып берчүсүз
Солтобай менен Балыкты.
Чоюп айтып берчүсүз
Чоңду менен Садыкты.
Чоң казалчы Казыбек
Кызыктуу кылып сүйлөгөн
Кылыч Молдо да мыкты.
(Ашыкпай айтып эскерип
Арстанбектен Токтосун
Атага чейин таанытты)
Залкарлар кеткен жакка эми
Сапар алууңуз аныкпы?
Дагы бир он жыл жашабай
Таштаптырсыз Жарыкты!
Ысмайыл Токтонаалынын
Ыр-ыргагын сүйчүсүз.
"Акындар дагы чыксын деп
Ак бата берип жүрчүсүз.
Айтыштын көбүн калтырбай,
Атайы келип кирчисиз.
Акындардын кээ сабын
Айта электе эле билчисиз.
Агартуу тархчылыкта
Албан эмгек кылдыңыз.
"Агай!" дейт атактуулар да
Арзан эмес бул жумуш.
Ардактап жатса анчалык
Салмактап жатса канчалык
Эми
Кайрылгыс сапар жолунан
Кантип сиз тизгин бурдуңуз?!
Ишиңиз калды көптөгөн
Изиңиз турат өчпөгөн.
Арбын тилек ишке ашты
Алмончоктон көксөгөн.
Түз болсун жолуң бейишке
Түрткүнчүк болсо шум ажал
Дүйнөдөн кимдер өтпөгөн.
Айласын кандай кылалы
Алланын иши бу дагы.
Телмирдик эмне кылалы
Теңирдин иши бу дагы.
Өңүңүз көрүнбөсө да
Өнөр дастан тууралуу;
"Жеңижок - Эсенамандын
Сиз жаздырган мына бу;
Алтын фонддогу айтышын
эми
Архивден угуп туралы!
Өзүңүз билген ак таңдай
Ошо Ысмакең айткандай:
"Аз күндүк дүйнө жалганда
Адамдын баары арманда
Алтының аттай болсо да
Айла жок мында калганга"
Он күндүк дүйнө жалганда
Ойлосок баары арманда.
Оёндун зорлоруна да
Орун жок чексиз калганга"
Жакшы көрчү элек баарыбыз,
эми,
Жаннатта болсун Жаныңыз!.
05.08.2026. Бишкек, Кыргызстан. [3]
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жубайы – белгилүү кыргыз калемгер айымы, акын, жазуучу, драматург Керез Зарлыкова.
Жолдошу тууралуу акын Керез Зарлыкова айым 2010-жылы “Кыргыз руху” гезитине мындай деген:
“Жолдошум Жаныбек Жакыпбекович азыр университеттин тарых факультетинин кафедра башчысы, профессор. Ал тарых факультетинде Лениндик стипендия менен окуган алдыңкы студенттерден болчу. Азыр "Сен мени сүйбөй эле ырларымды сүйдүң" деп тамашалап калам. Чынында анын мени тааныганы ырларым аркылуу болгон, андан кийин көрүп, таанышып, мага жакшы китептерди алып келип берип, сын деген эмне экенин биле элегимде "Ала-Тоо" журналын алып келип берип ушул сындарды оку, ансыз өспөйсүң деп турчу... Ал төртүнчү курстун студенти, мен биринчи курстамын, анын үстүнө Лениндик стипендияны алган жигиттен ыйбаа кылып саламдаша да алчу эмеспиз. Бирок ал мага өзүнүн камкордугу, чыгармачылыкты аздектеп сүйгөнү, кадырлаганы менен жагып алды”.
Төрт балалуу, бир нече неберелүү болушту.
Кичүү кызы Паризат – журналист жана укукчу.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республиканын Элге билим берүү системасынын мыктысы (отличниги)
Чыгармаларынын чакан тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Историография проблем истории Кыргызстана второй половины XIX - нач. XX вв. (опыт, перспективы изучения). – Бишкек, 2013.
- Проблемы советской историографии восстания 1916 г. в 20-30-х гг. ХХ в. // Россия – Кыргызстан: на пути интеграции. – М.,2010 – № 2.
- Социально-экономическое и политическое развитие Кыргызстана во второй половине XIX - начале ХХ веков: Историография проблемы. – Б., 2003. – 287 с.
- http://www.ia-centr.ru/expert/12681/ Archived 2016-03-06 at the Wayback Machine
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз тарыхы: энциклопедия. Бишкек, 2003.
- Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://www.azattyk.org/a/koeruenuektueue-tarykhchy-zhanybek-zhakypbekovdun-zharkyn-elesine/33822549.html
- http://www.ala-too.net/tarich/taylak-baatir-bayani Archived 2011-12-26 at the Wayback Machine
- http://www.presskg.com/tuusu/08/0812_7.htm Archived 2020-09-18 at the Wayback Machine
- http://www.presskg.com/uch/11/0908_10.htm Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
Жубайы тууралуу интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.presskg.com/agym/08/0111_18.htm Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
- http://www.presskg.com/ad/10/0819_7.htm Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
- http://biblus.ru/Default.aspx?auth=1b28i29j6 Archived 2021-10-23 at the Wayback Machine
- http://www.presskg.com/rukh/10/0917_9.htm Archived 2017-07-20 at the Wayback Machine