Жарды-кайыңды корукчасы

Википедия дан

Жарды-кайыңды корукчасыЧүй облусунун Панфилов районундагы мамлекеттик аңчылык корукчасы (заказниги). Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Жарды-Кайыңды суусунун алабын ээлейт. Аянты 8,7 миң га. Азайып жана жоголуп бараткан элик, доңуз, тоо эчки, кекилик жана кыргоолдорду коргоо жана көбөйтүү максатында 1976-ж. уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1