Жаркорумду мөңгүсү

Википедия дан

Жаркорумду мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызарт кырка тоосунун түндүк капталында. Кочкор суусунун алабынан орун алган. Узундугу 3,9 км, аянты 5,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4155 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3960 м, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Азыркы мезгилде мөңгү бир калыпта тартылууда. Мөңгүдөн Жаркорумду суусу башталып, Кочкордун оң куймасы – Кызартка оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]