Кочкор суусу, Кочкор району

Википедия дан

Кочкор суусу, Кочкор районуЧүй дарыясынын сол курамы. Кочкор районунда. Узундугу 45 км, алабынын аянты 2590 км2. Чыгыш Каракол менен Сөөк сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көк-Жар кыштагына жакын Жоон-Арык (Кара-Кужур) суусу менен кошулат. Ортоңку жана төмөнкү жагында саздуу кенен Кочкор өрөөнү аркылуу агып, нугунун туурасы 20–30 мге жетип, салааларга бөлүнүп кетет. Көп жылдык орточо чыгымы 12,6 м3/сек, эң көбү 32,6 м3/сек (август), эң азы 6,9 м3/сек (декабрь). Октябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Чыгыш Каракол, Сөөк, Кызарт, Мыкан, Шамшы ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кум-Дөбө, Чолпон, Кочкор ж. б. кыштактар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]