Жарма

Википедия дан

Жарма — талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.

Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-5 литр, Талкан – 200-300 грамм, Суу май – 1 аш кашык, Ун – 1 аш кашык

Туз татымына жараша

Жасалуу жолу: 1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак (айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Эл таануу» китебинен алынды