Жар-Кыштак, Сузак району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жар-Кыштак, Сузак районуЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 720 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 5 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол станциясынан 7 км. Калкы 4203 (2007); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Кесиптик лицей, мектеп-гимназия, клуб, китепкана, амбулатория, оорукана, мончо жана башка бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода борборлору иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А. Абдукаримов, С. Алимов туулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]