Жашыл кофе

Википедия дан

Жашыл кофе - биз ичип жүргөн кадимки эле кофенин жашыл түстөгү чийки кези. Ал дайыма болуп келген, бирок буга чейин бул азыкка суроо-талап жок болгондуктан, эч ким деле ага маани берчү эмес. 2012-жылы Америкалык Скрантон Университети табигый жашыл кофе адамдын денесиндеги майларды эритүүчү эң натыйжалуу каражат экендигин изилдеп чыккан. Анткени, жашыл кофенин курамында хлорогендик кислота бар. Андай болсо эмне үчүн кадимки биз ичип жүргөн кофе адамды арыктатпайт деген суроо туулушу мүмкүн. Көрсө, чийки кофени кууруу маалында андагы хлорогендик кислотанын өлчөмү кескин түшүп кетет экен. Ошол эле 2012-жылы бир эле учурда бир канча мамлекет тарабынан жашыл кофеге илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Изилдөөчүлөр жашыл кофенин даны организмдеги ашыкча майларды жок кылуу менен бирге терибиздин өңүн калыбына келтире жана жашарта ала турган сапаттуу косметологиялык каражат экенин аныкташкан. Анткени, жашыл кофенин курамындагы хлороген кислотасы адамдын ачка болуу сезимин жоготуп, ичегидеги микрофлораларды жок кылат. Ал эми кофеин зат алмашууну тездетип, организмдеги ашыкча майлардан арылтат.

Жашыл кофенин ден соолукка пайдасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- Теринин картаюусун жайлатат;

- кандагы канттын деңгээлин азайтат;

- иммунитетти көтөрүп, организмдеги шлактарды айдап чыгат;

- баштын кан айлануу системасын жөнгө салат;

- астма оорусуна каршы пайдаланылат;

- боордун циррозунда керектелет;

- атеросклероздун алдын алат;

- мигрень оорусунан сактайт.

Жашыл кофе космето­логияда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашыл кофе адамдын ички органдарын тазалап, арыктатып гана койбостон сырткы келбетине да жакшы таасирин тийгизет. Жашыл кофе бетке түшкөн бырыштардын алдын алат; Жашыл кофенин данынын курамындагы май чачтын түптөрүн бекемдеп, өсүшүн тездетет. Чачка көрк берип, аны жылтыратып коёт; Жашыл кофе экзема, псориазды дарылоодо да колдонулуп келет; Курамында жашыл кофенин экстракты бар пенка, гелдер терини тазалап, жумшартып коюучу артыкчылыкка ээ болот; Кургак терини нымдап, ысык-сууктан коргойт.

Жашыл кофенин зыяндуу жактары барбы?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашыл кофени да башка азыктар сыяктуу эле чеги менен колдонуу зарыл. Чегинен чыгып кеткен шартта ал терс таасирлерин тийгизе баштайт. Анткени, мунун курамында кофеин көп. Дал ушул себептен ал кан басымды да көтөрөт, андыктан, кан басымы жогору адамдар жашыл кофени пайдаланууда абайлоосу кажет.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]