Жаңыбаева, Маруса

Википедия дан

Жаңыбаева, Маруса (1934, азыркы Жалал-Абад облусу Тогуз-Торо району, Каргалык кыштагы 1978, ошол эле жер) - малчы, Социалисттик Эмгектик Баатыры (1960). Эмгек жолун 1950-жылы Нарын облусунун Тогуз-Торо районундагы «Кызыл-Жылдыз» колхозунда баштап, кийин чабан, 1957жылдан баш чабан болуп иштеген. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 1957-жылдан мамлекетке 500 ириктин ар бирин 70, 1959-жылы 72, 1960-жылы 75 кг салмакта өткөргөн, ар койдон 4 кгдан жүн кыркып алган. 1962-70-жылдарда СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5