Жаңы-Арттын башы мөңгүлөрү

Википедия дан

Жаңы-Арттын башы мөңгүлөрүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Батыш жана Чыгыш Жаңы-Арт баш мөңгүлөрү). Какшаал кырка тоосунун Түндүк капталында, Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан. Батыш мөңгүсүнүн узундугу 9,5 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5335 м, этеги 3530 м бийикте жатат. Эски морена мөңгүяүн азыркы этегинен 1,6 кмге ылдый жатат. Этегинде тоо тектердин сыныктары үйүлгөн. Мында мөңгүяүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяктайт. Морена менен мөңгүнүн ортосу аркылуу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жыраңдуу нук жатат. Оң жактагы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-жылдары мөңгү 400 мге тартылган. Чыгыш тарабында, мурда анын бир тармагы болгон Чыгыш мөңгүсү жатат. Узундугу 8,2 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4940 м, этеги 3630 м бийикте жатат. Ал негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 м бийиктикте жатат). Калыңдыгы этегинде 70 м. Капталдардагы мореналардын калыңдыгы 30–40 мге жетет. 1943–62-жылдары 190 м тартылган. Мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар Жаңы-Артка оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]