Жаңы-Арт мөңгүсү
Көрүнүш
Жаңы-Арт мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин Түндүк капталынан агып түшкөн Жаңы-Арт суусунун төрүнөн орун алган. узундугу 11,3 км, аянты 15,3 км2. Дээрлик меридиан багытында жатып, аяк бөлүгү гана түндүк-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп, тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жогору жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары менен курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5160 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Этегинин бийиктиги 15–20 м келген морена догосу менен курчалган. Мөңгүдөн Жаңы-Арт суусу башталып, Ак-Шыйракка оң жактан куят.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|