Жаңгарт, суусу

Википедия дан
Жаңгарт
Мүнөздөмө
Узундугу 25 км
бассейндин аянты 360 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Жети-Өгүз району

Жаңгарт - Жети-Өгүз районунун аймагындагы суу, Ак-Шыйрактын оң куймасы. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшөт. Узундугу 25 км алабынын аянты 360 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3700 м. Эң бийик жери 5390м. Суу куралуу облусуна кирет. Жаңгарт өрөөнүнүн төрүндөгү мөңгүлөрдөн башталып, түндүк-чыгышка карай бийик тоолуу капчыгай аркылуу агат. Алабында, жалпы аянты 169,0 км2 келген 48 мөңгү бар.

Ири куймалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сууктөр (оң), Тозмо-Сай, Ак-Сай, Сары-Төр (сол)жана башкалар.

Жылдык орточо чыгымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

3–4 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февралда байкалат. Суук-Төр суусу кошулгандан кийин түндүккө карай бурулуп, Ак-Шыйрак суусуна куят.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2