Жаңы-Арык (Кара-Суу району)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Жаңы-Арык
Жаңы-Арык
|
Жаңы-Арык — Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караштуу. Куршаб суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийикте жайгашкан. Райондун борбордук жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 18 км чыгыш тарапта. Кыштак 1960-жылы негизделген. Калкы 5212 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамеки ферменттөөчү завод жана башка иштейт. [1]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.