Женьшень

Википедия дан
Женьшень

Үч жалбырактуу Женьшень (Panax trifolius),
Гүлдөгөн өсүмдүктүн жалпы көрүнүшү
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Panax L.


Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  29398
NCBI  4053
EOL  87100
GRIN  8785
IPNI  85871-1

Женьшень (кыт. улут. 人參, жең. 人参, пиньинь: rénshēn, палл.: жэньшэнь[1]; лат. Pánax[2]) — Женьшень жашоонун символу катары эсептелет. «Кудайлар белеги», «Табият керемети», «Жер деми» - деген аталыштарга ээ. Жерде мындан миллион жыл мурун пайда болгон өсүмдүк азыркыга чейин бар.Женьшень кытай сөзү. “Жень” – “адам”, “шень” – “тамыр” деген түшү­нүктү берет. Башкача айтканда, адам-тамыр деген маанини түшүн­дүрөт. Бул аталышы дарылыкка колдонула турган тамырынын адамдын келбетине окшоштугунан улам келип чыккан. Эл аралык Кызыл китепке кирген көп жылдык өсүмдүк.

Өскөн аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Женьшень табигый түрдө Ыраакы Чыгышта, Кытайда, Тибетте, Алтайда, Уралда, Сибирде, Вьетнамда өсөт. Маданий өсүмдүк катары Орусияда, Кореяда, Кытайда, Японияда, Вьетнамда өстүрүлөт.Өстүрүү боюнча 1-орунда Түштүк Корея, 2-орунда Австралия, 3-орунда АКШ турат.Кытайда адам-тамырды 15 түргө ажыратышат.

Биологиялык мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беш жалбырактуу Женьшень. Уиляма Вудвилланын «Ботаникалык иллюстрация» кибебинен
(англ. William Woodville) «Medical Botany» (1790—1794).

Мөмөсүнүн өңү ачык кызыл келип, ичинде 2 уругу бар. Гүлү бозомтук жашыл түстө. Тамырынын узундугу 25 сантиметрге чейин жетип, орточо салмагы 25-30 граммды түзөт. Узак жашоочу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Андыктан 350 жыл жашаган тамырдын айрымдарынын салмагы 400-500 граммга дейре жетет. Дарылыкка 6 жылдан өйдө жашаган женьшендердин тамыры гана колдонулат. Анткени ушунча жыл аралыгында гана тамырда дарылыкка ээ заттар чогулат. Тамыры кечки убак казылып алынып, жуулуп-тазаланып, анан кургатылат. Эгер тамыр жуулгандан кийин бууланып, анан кургатылса, тамыр кызыл тартып калат да, “кызыл тамыр” аталышка ээ болот. Тамыр кагазга оролуп, жыгач идишке салынат. Жыгач идиш калай банкага салынып коюлат. Ушинткенде гана тамыр кургап да кетпей, дарылык касиетин да жоготпой 10 жыл сакталат. Дарылыкка упадай майдаланып да коюлат.

Кызыл женьшень.

Медицинада жана маданиятта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Женьшень чыгыш медицинасында 4000 жылдан бери колдонулуп келет. Алгачкы эскерүүлөр кытай жазмаларында кездешет. Кытай медицинасында женьшендин дарылыгына арналган 52 томдук китеп жарык көргөн. Женьшень Азиядан Европага голландиялык соодагерлер аркылуу жеткен.

Адам-тамыр көлөкөнү сүйүүчү өсүмдүк болгондуктан, ал өстүрүлүүчү плантациялардын үстү жабык болот. Дарылыктан тышкары Корея жана Кытайда тамак-ашка да колдонулат. Дары өсүмдүк жердеги азыктардын күчүн жок кылып жибергендиктен, ал ай­дал­ган жерге женьшенди кай­ра­­дан 10 жылдан кийин гана өс­түрүүгө болот.

  • Женьшень сергитүүчү касиетке ээ. Андыктан адамды сергитип, жакшы маанай тартуулап, уйкучулуктан арылтат.
  • Арыктагандарга стимул берип, күч-кайратын толтурат. Ойлоо жана иштөө жөндөмдүүлүктү арттырат.
  • Андыктан өзгөчө космонавттарга, суучулдарга, кен казуучуларга сунушталып келет.

Төмөндөгүдөй ооруларда колдонулат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нерв системасынын айрым ооруларында (невроз, неврастения, нейроциркулятордук дистония, шакый ж.б.), кант диабетинде, эркектердин бел кубатын калыпка келтирүүдө, күн нуру пайда кылган ооруларда;
  • Ашказандын кычкылдуулугу аз оорусунда (гастрит), аз кандуулукта, атеросклероздо, бөйрөктүн сезгенүүсүндө;
  • Кандагы глюкозанын жана холестериндин деңгээлин төмөндөтүүдө;
  • Кан, зат алмашууну калыпка келтирүүдө, көрүүнү жакшыртууда;
  • Жаңы климатка бат көнүүдө (башка өлкөгө барганда);
  • Ысык жана суукка чыдамдуу болууда ж.б.
  • Женьшендин спирттеги ачытмасы, упадай майда түрү бар. Тибет медицинасы женьшенди күн суук мезгилдерде гана колдонуу керектигин белгилесе, салттуу медицина бардык учурда колдонуу мүмкүн экенин белгилейт.

Колдонуудагы эрежелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Женьшенден жасалган дары-дар­мек­терди врачтын сунушу менен колдонуу кажет. Кан басым, жүрөк жана баш мээ оорусу барларга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге, боордун циррозунда, аракечтикте, талмада колдонууга болбойт. Врач тарабынан сунушталса да, дарыгердин көзөмөлүндө өтө аз өлчөмдө колдонуу мүмкүн. Жаш балдарга колдонулбайт. Белгиленген өлчөмдөн ашыкча ичип алуу артериалдык кан басымды көтө­рүп, дем алууну кыйындатат. Уйкусуздук менен баш айланууну пайда кылып, кан агууну жаратат.

Өсүмдүктүн курамындагы заттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тутумунда полисахариддер, эфир майы, витаминдер, никотин жана фолий кислотасы, чайыр, пектин, аминокислоталар бар. Мындан тышкары калий, кальций, фосфор, магний, темир, жез, кобальт, марганец, молибден, цинк, хром, титан жана башкаларга ээ.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Байыркы Кытайда женьшень алтын баасы менен бааланып, бул жаатта керектөөчүлөр үчүн атайын союз ачылган. Ошол себептүү тамыр казып өткөрүп акча тапкандар көбөйүп, женьшень азайып кеткен. Акыры 500-700дөй адам Орусиянын Приморск аймагына барып терип келип турушкан. Алар бир жылда 10-15 миң тамыр өткөрүүгө жетишишкен.
  • 1905-жылы Орусиянын Приморск крайында темир жол салуу кезинде салмагы 600 граммга жеткен тамыр табылган. Тамыр казуу жана сатуу менен алектенген адам аны 5 миң долларга саткан.

Шилтеиелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «Человек-корень» — от формы корня растения, напоминающего фигуру человека
  2. Латинское родовое имя происходит от имени Панацеи «всеисцеляющей», дочери бога-врача Асклепия