Жергез көрүстөнү

Википедия дан

Жергез көрүстөнү – биздин заманга чейин 2-кылым– биздин замандын 2-кылымына таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көл облусундагы Жергез суусунун боюнда жайгашкан. Ал түндүктөн түштүккө карай эки катар созулуп жаткан 50 дөбөдөн турат. Дөбөнүн ар биринин диаметри 10–30 м, бийиктиги 1,5 мге чейин. 1949-ж. археолог А. Н. Бернштам эки мүрзөнү казып изилдеген. Карапа идиштер, темир буюмдардын сыныктары табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1