Жердин гравитациялык талаасы

Википедия дан

Жердин гравитациялык талаасы – оордук күчүнүн талаасы; Жердин өзүнө тартуу жана анын суткалык айланышынан пайда болуучу борбордон четтөөчү күч менен шартталган табигый күчтөрдүн мейкиндиги. Ал оордук күчү жана анын потенциалы менен мүнөздөлөт (к. Гравиметрия). Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону боюнча жер бетиндеги бардык заттар жана массалар жерге тартылып турат. Ошондуктан өйдө ыргытылган таш кайра жерге түшөт. Тартылуу күчү өтө алыс аралыкка (мисалы, Айга, Күнгө жана башка) чейин таасир этет. Ошонун натыйжасында Ай Жерди, Жер Күндү айланат. Тартылуу күчү адамга азырынча белгисиз гравитациялык толкундардын таасиринен келип чыгат. Жер бетинде тартылуу күчү Жердин айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү күчтүн каршылыгына учурап азаят. Ал оордук күчү деп аталат. Оордук күчүнүн ылдамдануусу гал (1 Гал=1см/сек2), миллигал – (1 мгал =10–5 см/сек2) менен ченелет. Жер айланасындагы тартылуу күчү байкалган мейкиндик Жердин гравитациялык талаасы болот. Жер бетинде оордук күчүнүн ылдамдануусунун орточо мааниси 980,63гал, оордук күчүнүн ылдамдануусу тереңдикти карай адегенде акырындык менен чоңоюп, 2900 км тереңдикте 1037 Галга жетип, андан ары азаят да, жердин ядросунда нөлгө түшөт. Уюлдардан (983218,53 мгал) экваторго (978032,78 мгал) акырындык менен 0,5%ке чейин азаят. Бирок кээ бир жерде мындай мыйзамдуулук бузулат. Алар рельефтин ар кандай болушунан, тоо тек катмарларынын курамдык өзгөрүшүнөн жана жер кыртышындагы калыңдыктын ар түрдүүлүгүнөн жана жер кыртышынын кыймылынан келип чыгышы мүмкүн. Жердин тарыхында оордук күчү бир калыпта туруктуу болбогондугу да аныкталган. Оордук күчүнүн өзгөрүшү гравитация вариометри сыяктуу сезгич приборлор менен өлчөнөт. Оордук күчүнүн өзгөрүшү байкалган жер кыртышынын аймактары гравитация аномалиясы деп аталат. Ал оң жана терс гравитация аномалиясына бөлүнөт. Жер шарында эң жогорку терс аномалия (366 мгал) Атлантика океанында (Пуэрто-Рико чуңкурунда), оң аномалия (270 мгал) Филиппинде байкалган. Жер бетинде гравиметриялык өлчөөлөрдүн негизинде изилденген аймактагы оордук күчтүн изолиниялар менен көрсөтүлгөн мааниси атайын гравиметриялык карталарга түшүрүлөт. Алар кендерди издөө жана чалгындоо иштеринде кеңири колдонулат (к. Гравиметриялык чалгындоо ыкмасы). Ошондой эле Жердин гравитациялык талаасы гравитациянын көптөгөн маселелерин чечүү, Жер тулкусун аныктоо жана башка учурларда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1