Жертөлө

Википедия дан

Жертөлө – казылып салынган жер там. Тереңдиги киши бою, төрт бурч же тегерек кылып казып, кырына эки катар чым тизип, ага туура жоон жыгач устун коюп, анын эки тарабына туурасынан шырык салып, үстүнө чырпык, куурай таштап, топурак менен бастырышкан. Үйгө жарык кириш үчүн, коломтодон жагылган оттун түтүнү чыгыш үчүн төбөсүнөн тешик калтырышкан. Оозун боз үйдүн эшиги менен жаап, ал болбосо жөн эле кийиздер менен далдалап коюшкан. Жер төлөдө кыш чилдеде гана жашашкан.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.