Жети-суу түздүгү

Википедия дан

Жети-суу түздүгү - Жуңгария, Алтай менен Чыгыш Теңир-Тоонун аралыгында жайгашкан ойдуң. Кытайдын түндүк-батышында. Түндүгүнөн Моңгол Алтайы менен чектешет. Аянты 700 миң км2дей, басымдуу бийиктиги 600–800 м. Таманын борпоң тектердин калың катмары жаап жатат. Кум массивдүү шор баскан жерлери бар чөл ээлейт. Айрым токол тоолор, майда дөбөлөр, тоо этектеринде таштак шилендилер кездешет. Климаты мелүүн континенттик, жайы ысык, кургакчыл, кышы кургак суук, абанын температурасы сутка ичинде кескин өзгөрүп турат. Январдын орточо температурасы –20°С …–25°С, июлдуку 20–25°С. Жылдык жаан-чачыны 150–200 мм, тоолордо 800 ммге чейин. Дарыялары сейрек, ирилери: Манас, Урунгу, түндүгүндө Иртыштын башаты; көптөгөн кургак нуктар нөшөрлөгөн жамгырдан кийин гана сууга толот. Ири көлдөрү: Эби-Нур, Манас, Улюнтур жана башка Сейрек өскөн ксерофит өсүмдүктөрү (сөксөөл, шыбак, баялыш, тамариск) басымдуу. Малга жайыт, тоо этектеринде оазистер кездешет. Нефтинин ири кени (Карамай жана башка) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1