Жети-Өгүз мөңгүсү

Википедия дан

Жети-Өгүз мөңгүлөрү Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги жанаша жаткан эки мөңгү (Чыгыш жана Батыш Ж. м.). Жети-Өгүз өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Чыгышындагы мөңгүнүн узундугу 4,6 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4430 м, этеги 3100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Негизинен оң тарабындагы төрдүн толкун сымал зор фирн агымы жылып чыгып, мөңгүнү түзөт. Мөңгү тартылууда. Батышындагы мөңгүнүн узундугу 3,0 км, аян- ты 4,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4660 м, этеги 3080 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Куралуу облусу татаал. Мөңгүнүн оң жак четинде туурасынан кеткен жаракалар бар. Ортоңку морена мөңгүнү экиге бөлөт: кууш жана кыска оң бөлүгү жана узун монолиттүү сол бөлүгү. Мөңгү тартылууда, каптал мореналары анын этегинен 350–400 м төмөн жатат. Мөңгүлөрдөн Жети-Өгүз суусу башталып, Ысык-Көлгө куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]