Жийдели-сай акиташ кени

Википедия дан

Жийдели-сай акиташ кени - Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасынан 1,7 км түштүктө, Жийдели-Сай суусунун оң капталында, деңиз деңгээлинен 1160–1245 м бийикте жайгашкан. 1987-ж. геологиялык чалгындоо иши жүргү-зүлгөн. Акиташ теги таш көмүр мезгилинде пайда болгон. Химимиялык курамы боюнча акиташтан I жана II сорттогу курулуш акисин алууга болот. Кен казып алынууда. Бекитилген запасы А+В+С1 категориясы боюнча 940 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1