Жойболотов Сыргабек Токтосунович

Википедия дан
Жойболотов Сыргабек Токтосунович
Туулган датасы:

24.03.1968-жыл

Туулган жери:

Орто-Азия айылы, Сузак району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССри, СССР

Жарандыгы:

 ССРС Кыргызстан

Жойболотов Сыргабек Токтосунович – окумуштуу агроном, Жалал-Абад Айылдык кеӊеш кызматынын директору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыргабек Жойболотов 1968-жылдын 24-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Орто-Азия айылында туулган.

1975-жылы мурдагы “Орто-Азия”, азыркы Базаров атындагы орто мектебине кирип, аны 1985-жылы аяктаган.

1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик Айыл чарба институтунун Агрономдук факультетине тапшырат. Аны 1992-жылы бүтүргөн.

Сыргабек Жойболотовдун айыл чарба өндүрүшү, күнөскана чарбасы, органикалык чарба жүргүзүү жана пахта өндүрүү боюнча тажрыйбасы чоӊ. Анын топторго кредит берүү, аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү, эл аралык уюмдар менен иштешүү боюнча практикалык ишмердүүлүгү жана консультациялык кызмат көрсөтүүдү көп жылдык тажрыйбасы жана билими бар.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1992-жылы “Акбаш” айыл чарба кооперативинин бригадири болуп эмгек жолун баштайт. Андагы негизги жоопкерчилиги ижарачылардын ишин көзөмөлдөө, алар менен келишим түзүү болгон. 

1993-жылы “Акбаш” айыл чарба кооперативинин агроному;

1994-жылы “Акбаш” айыл чарба кооперативинин башкы агроному болуп дайындалат. Мурдагыдан жоопкерчилиги күчөп, кооперативдин чарбалык иштерин жана бригадирлердин иштерин көзөмөлдөп, андан сырткары райондук статистика кызматына маалымат даярдачу.

1995-жылы март-октябрь айларында Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынын капиталдык курулуш бөлүмүндө экономист, 2002-жылга чейин ошол эле мекемеде айыл чарба жана айыл инфраструктура бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2002-жылы апрель-октябрь айларында “Темир” мамлекеттик мекемесинин Баткен облусу боюнча директору болгон;

2002-2005-жылдары Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынын айыл чарба жана айыл инфраструктура бөлүмүнүн башчысы катары райондордун айлык/кварталдык/жылдык отчетторун кабыл алып, республикалык башкармалыкка тапшырып келген;

2005-жылдын августунан 2008-жылдын январь айына чейин “Биопахта” долбоорунда тармактык адис болуп иштейт. Анда – жылдык операциялык планды, сапат стандартын иштеп чыгуу; райондук консультанттардын иш жоопкерчилигин бөлүштүрүү; ички сырткы мониторинг үчүн фермерлердин документтерин иштеп чыгуу сыяктуу жоопкерчиликтерди аткарган;

2008-жылдын мартынан-декабрь айына чейин Өнүгүү жана техникалык кызматташтык агенттигинде кредиттик менеджери болуп иштеген.

2009-2011-жылдар аралыгында Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматында өндүрүш боюнча жооптуу адис катары эмгектенет. Анда – райондук консультанттардын жарым жылдык/жылдык отчетторун кабыл алуу; райондук консультанттардын иш жоопкерчилигин бөлүштүрүү сыяктуу жоопкерчиликтерди аткарган;

2011-2013-жылдары Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын директорунун орун басары, облустук эксперт-адис, долбоор координатору болгон;

2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын директоруну кызматын аркалап келет.

Сыргабек Жойболотовдун жетекчилиги тушунда Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматында бир топ жетишкендиктер болду. Өзүн өзү камсыздаган ишкана алгылыктуу киргешеге чыгып, туруктуулукка жетишти. Мында, албетте, жалпы команданын эмгеги чоӊ. Команда менен иштешүү, алардын билимин жана мүмкүнчүлүгүн, потенциалын туура бөлүштүрүү, пайдаланууда жетекчи катары салымы зор. Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматында эмгектенген ар бир кызматкердин салымы, эмгеги бааланып келет.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.youtube.com/watch?v=Xv3KP4Zm1L8&t=28s

https://www.instagram.com/reel/CzLhmrPMGs1/?igsh=N3RndGMyMDYwdTVk

https://www.instagram.com/reel/Cy205njs-8w/?igsh=MWkwcGl2ZnV0cnd2Yg%3D%3D