Жолдошева Дилкумар

Википедия дан

Жолдошева Дилкумар - КРнын маданият кызматкери. 1979-жылы 6-майда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы У.Абдукаимов атындагы орто мектепти “Алтын медаль” менен, 2001-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин чет тили жана адабияты факультетин аяктаган. Октябрь балдар музыкалык мектебинен белгилүү комузчу Токтомурат Осмоналиевдин классынан 5 жыл билим алган.

Андан кийин “Достук” тобунда ырдап жетекчиси Муктар Кырбашевден тарбия алып, эстрада ырчылык өнөрүнө кадам таштаган.

1995-жылы КР Президентинин катышуусу менен Бишкек шаарында өткөн Медалистердин слетуна катышып “Алтын медаль” алып келген.

2003-жылдан бери Жалал-Абад областтык Т.Тыныбеков атындагы филармонияда эмгектенет.

2013-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

Кыргыз элине таанылган эстрада ырчысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3