Жон Стейнбек

Википедия дан
Жон Стейнбек.

Жон Эрнст Стейнбек кичүүсү (англ. John Ernst Steinbeck, Jr; /ˈstaɪnˌbək/; 1902-жыл 27-февраль, Салинас, Калифорния - 1968-жыл 20-декабрь, Нью-Йорк) - 27 китептин, анын ичинде 16 романдын, 6 адабий чыгарманын жана 2 аңгемелер топтомунун автору жана америкалык жазуучу болуп саналат. Ал "Тортила флет" (англ. Tortilla Flat, 1935) жана "Консервалоо жолу" (англ. Cannery Row, 1945) сыяктуу тамашалуу романдары менен, бир нече муундуу "Бейиштин чыгыш тарабы" (англ. East of Eden, 1952), жана "Чычкандар жана адамдар жөнүндө" (англ. Of Mice and Men, 1937) жана "Кызыл пони" (англ. The Red Pony, 1937) сыяктуу аңгемелердин автору катары кеңири таанымал. Анын "The Pulitzer Prize" сыйлыгына ээ болгон - "Жаал талы" (англ. The Grapes of Wrath, 1939) аттуу чыгармасы Стейнбектин эң мыкты чыгармаларынын бири катары эсептелинүү менен, Америка адабиятынын бир бөлүгү болуп саналат. Китеп жарык көргөндөн 75 жылдан кийин 14 млн көчүрмөсү сатылган.

Стейнбек 1962-жылы абадият жаатында Нобель сыйлыгына ээ болгон жана ал "Америка адабиятынын алп адамы" деп аталып келет. Анын чыгармаларын дүйнө жүзүнүн ар бурчунда окушат жана анын эмгектери батыш адабиятынын классикасы деп эсептелинет.

Стейнбектин чыгармаларынын көпчүлүгү Салина өрөөну жана Рэнжес сыяктуу Калифорния жээгинде, Калифорния штатынын борбордук бөлүгүндө орун алган. Анын чыгармаларында негизинен тагдыр менен адилетсиздик жана бузукулук же баардык адамдар баш каармандын ролун аткаргандыгы сүрөттөлөт.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4