Жон Фицжералд Кеннеди

Википедия дан
Жон Фитцжералд Кеннеди (1961).

Жон Фицжералд Кеннеди (англисче John Fitzgerald «Jack» Kennedy; 29. 5. 1917, АКШ, Массачусетс штаты, Бруклин шаары – 22. 11. 1963, АКШ, Техас штаты, Даллас шаары) – мамлекеттик жана саясий ишмер, АКШнын 35-президенти (1961–63), миллионер католиктин үй-бүлөсүнөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1940-ж. Гарвард университетин бүтүргөн.

1941–45-жылдары флот офицери, 1947–61-жылдары АКШ демократиялык партиясынан АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасына мүчө, 1953–61-жылдары Массачусетс штатынан Сенаттын мүчөсү, Президент катары социалдык-экономикалык реформалардын чектелген программасын сунуш кылган.

Согуштук блокторду жана АКШнын куралдуу күчтөрүн чыңдоого аракеттенген, ошондой эле дүйнөдөгү күчтөрдүн өз ара катышынын өзгөрүшүн эске алып, СССРге реалдуу мамиле жасоого үндөгөн.

Кеннеди Бруклинде, Массачусетс штатында, Жозеф П.Кеннеди жана Роуз Кеннединин үй-бүлөсүндө туулган. Кеннедилердин тукуму катары ал 1940-жылы Гарвард университетин аяктайт, андан кийинки жылы АКШ нын Аскердин-деңиздик резервине кирет.

Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда Кеннеди Тынч океандагы салгылаштарда РТ кайыктарынын бир катарына башчылык кылып, кызматы үчүн аскердик-деңиз флотунун жана деңиз жөө аскерлеринин медалына ээ болот.

Согуштан кийин Кеннеди Массачутетстин 11-шайлоо округун АКШ нын эл өкүлдөр Палатасында 1947-жылдан 1953-жылга чейин көрсөтүп турган. Андан кийин ал АКШ нын Сенатына шайланып, Массачусетстин кичи сенатору катары 1953-жылдан 1960-жылдары иштеген.

Сенатта кызмат кылып жүргөн кезинде, 1956-жылы, ал "Каармандык өрнөктөрү" (Profiles in Courage) деген биографиялык чыгармасын жарыялап, кийинки 1957-жылы Пулитцердик сыйлыкка ээ болот.

Жон Фицжералд Кеннединин «Каармандык өрнөктөрү» китебинин кыргыз тилиндеги алгачкы котормосу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан бир нече жылдан бери жүзөгө ашырылып келе жаткан англис, орус жана башка тилдерден түздөн-түз кыргыз тилине которуу иш-аракетинин жаңы бир мөмөсү болуп калды. [1]


1960-жылкы президенттик шайлоодо Кеннеди вице-президент болуп ошол кезде иштеп жаткан, республикачыл атаандашы Ричард Никсонду араңдан зорго жеңип чыгат.

1963-жылдын ноябрында Кеннеди Техас, Далласта киши колунан каза табат.

Ли Харви Освальд буга кылмыштуу деп камакка алынат, бирок аны эки күндөн кийин Жек Руби өлтүрүп таштагандыктан сотко берилген жок. Президенттикти мурастоо Мыйзамына ылайык вице-президент Линдон Б. Жонсон ошол эле күнү президент катары ант берген.

FBI жана Уоррен комиссиясы расмий түрдө Освальд жалгыз өлтүргүч деген жыйынтыкка келишкени менен ар кыл топтор Кеннеди уюшулган кутумдун курмандыгы болду деп жоромол кылып келишет.

Кеннеди өлгөндөн кийин анын көп сунуштары кабыл алынган, анын ичинде 1964-жылкы Жарандык укуктар боюнча Мыйзам жана 1964-жылкы кирешелер боюнча Мыйзам да бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кеннеди Жон Фицжералд. Каармандык өрнөктөрү / Англис тилинен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. — Б.: Аркус, 2020. — 288 бет. –– ("Өмүрү өрнөк инсандар" түрмөгү). –– ISBN 978-9967-9213-4-4.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
  • John F. Kennedy. Profiles in Courage. Harper & Brothers. 1956. – Pages 272. – ISBN 978-0-06-095544-1.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кеннеди Жон Фицжералд. Каармандык өрнөктөрү / Англис тилинен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. — Б.: Аркус, 2020. — 288 бет. –– ("Өмүрү өрнөк инсандар" түрмөгү). –– ISBN 978-9967-9213-4-4.