Жоон-Арык суусу

Википедия дан
Жоон-Арык суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 348 км
бассейндин аянты 1 340 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Кочкор району

Жоон-Арык суусу - Кочкор районундагы чоң суу. Тескей Ала-Тоонун түш. капталынан башталган Каракужур жана Төлөк сууларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу 34,8 км, алабынын аянты 1340 км2. Кочкор суусу менен кошулуп, Чүй д-н түзөт. Ири куймалары: Кара-Кокту, Чалай, Кара-Кужур, Төлөк. Мындан башка 60тан ашык майда куймасы бар. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 келген 2 көл жатат. Жылдык орточо чыгымы 11,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 131 м3/сек, эң азы 1,97 м3/сек. Апрелде кирип, августтун аягында тартылат. Сугатка пайдаланылат, андан ондон ашык сугат каналдары башталат. Жээгинде Сары-Булак, Көк-Жар кыштагы. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]