Жоопкерчилик

Википедия дан

Жоопкерчиликэтиканын жана укуктун инсандын башка адамдарга, коомго жана жалпы эле адамзатка болгон өзгөчө мүнөздөгү социалдык, моралдык жана укуктук мамилесин чагылдырган категориясы; Жоопкерчилик инсандын өздүк адеп-ахлактык парзын жана укуктук нормаларын аткаруусу менен мүнөздөлөт.

Жоопкерчилик категориясы адамдын өздүк иш-аракеттеринин субъектиси (автору) катары чыгууга жөндөмдүүлүгү менен мүмкүндүктөрүнүн өз ара айкалышуусунун философиялык жана социологиялык проблемаларын, оной

1) адамдын кандайдыр бир талаптарды аткарууга жана анын алдында турган милдеттерди ишке ашырууга болгон аң сезимдүү (атайы же ыктыярдуу) жөндөмдүүлүктөрү;

2) моралдык туура жорук-жосун жасоосу;

3) кандайдыр бир натыйжага жетүүсү, о. эле адамдын аны менен байланышкан укуктуу жана укуксуз жорук-жосундарынын маселеси;

4) адамдын жорук-жосундарын кубаттоонун же сындоонун, сыйлоонун же жазалоонун маселелери өңдүү конкреттүү проблемаларды өз кучагына камтыйт.

Бардык этикалык жана укуктук окууларда Жоопкерчилик көйгөйү эркиндиктин философиялык маселеси менен байланышта каралат (кара. Эркиндик жана зарылчылык).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]