Жулия Робертс

Википедия дан

Жулия Фиона Робертс (англ. Julia Roberts;28-октябрында туулган 1967-жыл) - америкалык актриса жана продюсер. Актрисага "Сулуу кыз" (англ. Pretty Woman, 1990) романтикалык тасмасы дүйнөлүк атактуулукка жеткирип, эл аралык прокатта аталган тасма $464 миллион доллар киреше тапкан. Ал үч жолу "Алтын глобус" сыйлыгын утуп алган (сегиз номинациянын арасынан) жана "Оскар" сыйлыгына төрт жолу талапкер болгон. "Эрин Брокович" (англ. Erin Brockovich, 2000) биографиялык тасмасындагы ролу үчүн актриса "Эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган.

Актриса катышкан "Сыйкырдуу пицца" (англ. Mystic Pizza, 1988), "Магнолия" (англ. Steel Magnolias, 1989), "Душман менен бирге" (англ. Sleeping with the Enemy, 1991), "Капитан Крюк" (англ. Hook, 1991), "Дөө-шаалар тууралуу иш" (англ. The Pelican Brief, 1993), "Менин эң жакын досумдун тою" (англ. My Best Friend's Wedding, 1997), "Сыр" (англ. Conspiracy Theory, 1997), "Ноттиң Хилл" (англ. Notting Hill, 1999), "Тойдон качкан колукту" (англ. Runaway Bride, 1999), "Оушендин он бир досу" (англ. Ocean's Eleven, 2001),"Мона Лизанын жылмаюсу" (англ. Mona Lisa Smile, 2003), "Оушендин он эки досу" (англ. Ocean's Twelve, 2004), " Чарли Уилсондун согушу" (англ. Charlie Wilson's War, 2007), "Сүйүшкөндөр күнү" (англ. Valentine's Day, 2010),Же-ич, сыйын жана сүй" (англ. Eat Pray Love, 2010), "Күзгү" (англ. Mirror Mirror, 2012) жана "Акча жиндиси" (англ. Money Monster, 2016) тасмалары $2.7 миллиарддан ашык киреше алып келип, анын прокаттагы эң кирешелүү актриса болгондугун айгинеледи Ал HBO каналында көрсөтүлүп турган "Жөнөкөй жүрөк" (англ. The Normal Heart, 2014) телесериалындагы ролу үчүн "Телесериалдагы экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында праймтаймдык "Эмми" сыйлыгын алган.

Ж. Робертс 1990-жылдарда жана 2000-жылдардын башында дүйнө жүзү боюнча акысы (гонорары) эң кымбат турган актриса катары таанылган 1990-жылдагы "Сулуу кыз" (англ. Pretty Woman) тасмасы үчүн актриса $300,000 акы алган. "Мона Лизанын жылмаюсу" (англ. Mona Lisa Smile, 2003) тасмасындагы ролу үчүн $25 миллион киреше тапкан. 2007 -жылга карата Ж. Роберстин таза кирешеси 140 миллион АКШ долларын түзгөн.. People журналы "Дүйнөдөгү эң сулуу айым" тизмесине актрисаны беш ирет кошкон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]