Жумагулов, Мааметайып

Википедия дан

Жумагулов Мааметайып (24.6. 1949- ж. т., Ак-Талаа району, Кара-Бүргөн айылы) — философ, философия илимдеринин доктору (1994), профессор (1997).

1970-ж. Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институттун физика-математика факультетин бүткөн, 1970—73-ж. ошол эле институттун философия жана илимий коммунизм кафедрасында окутуучу.

1973—76-ж. КМУда аспирант. 1976—91-ж. Кыргызстан УИАиып (философия жана укук институтунда кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер, 1992-жылдан экологиянын философиялык маселелери бөлүмүнүн башчысы, ошол эле учурда 1996-жылдан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин философия, экономика теориянын негиздери жана культурология кафедрасынын профессору.

Жумагулов «байланыш» категориясын, адам менен табият ортосундагы мамиле-аракет маселелерин изилдейт; бул проблемалар боюнча бир нече монография, брошюра, 50ге жакын макала жарыялады.ЯЧС Я Яс Я чЯ

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.