Жумагулов, Сексеналы

Википедия дан

Жумагулов Сексеналы (1911, Тар-Суу айылы, Кемин району) — мамлекеттик ишмер.

1929—33-ж. Ташкендеги Орто Азия жумушчу факультетинде окуган. Андан соң «Тар-Суу» (Кемин району) колхозунда эсепчи, Чоң-Кемин орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмунун башчысы, Кичи-Кемин мектебинде директор.
1937—40-ж. Кемин райондук элге билим берүү бөлүмунун башчысы.
1940-жылдан партиялык кызматта. Кыргызстан КПнын Кемин райкомунун уюштуруу нускоо бөлүмүнүн башчысы, 1940—44-ж. Кыргызстан КПнын уюштуруу-нускоо бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчынын орун басары.
1944-жылдан Тянь-Шань обкомунда кадрлар боюнча катчы, 1948-жылдан 2-катчы.
1949—52-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепте окуган.
1952-жылдан Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунун катчысы, Ысык-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1959-жылдан Кыргызстан КПнын Ысык-Көл райкомунун 1-катчысы.
1961-жылдан Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы.
1962-жылдан Кыргызстан КП БКнын партиялык органдар бөлүмүнүн инспектору.
1968—72-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы курста бөлүм башчы.
1955—63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты.
Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.