Жумагүл Мусаева

Википедия дан

Жумагүл Мусаева (1922-жылы Ак-Кудукта төрөлгөн, Түркстан АССРи, РСФСР –1980-жылдын 17-майында Фрунзеде кайтыш болгон) - география илимдеринини кандитаты, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун биринчи директору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1922-жылы Түркстан АССРине караштуу Ак-Кудук айылында туулган. Эрте жетим калып, 12 жашынан тарта Фрунзе шаарындагы мектеп-интернатта билим ала баштаган. Мектепти аяктагандан кийин эмгек факультетине тапшырган. 1938-жылы Фрунзе учуучу клубуна келген. Ал жерде парашютту үйрөнүп, парашют мунарасынан, андан кийин учактан секирүү чеберчилигин өздөштүргөн. Жалпысынан парашюттан 312 жолу секирген. 1940-жылы сентябрда биринчи жолу учакта өз алдынча абага көтөрүлгөн. Өз алдынча төртүнчү жолу учкандан кийин ага учкуч квалификациясы берилген. “У-2” учагы менен 147 жолу учкан. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда фронтко ыктыярчы болуп жөнөп кетүү үчүн арыз менен кайрылган, бирок арызы канааттандырылган эмес. 1942-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган. Институтту артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин (1944-жылы) ошол жерде география кафедрасынын ассистенти болуп калып, көп өтпөй СССРдин Илимдер академиясынын География институтунун аспирантурасына тапшырган. 1951-жылдан 1954-жылга чейин Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун директору, андан кийин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин аппаратына которулган. СССР Илимдер академиясынын География институтунун окумуштуулар кеңешинин 1955-жылдын 21-мартындагы чечими менен ага география илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган. 1959-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз ССР Илимдер академиясында улук илимий кызматкер болуп иштеген. 1985-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институту тарабынан басылып чыккан кыргыз эл тамсилдеринин жыйнагын түзгөн. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болгон, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдошу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков менен бирге үч баланы тарбиялап, аларга жогорку билим берген. Кызы Гүлнура Үсөнбекова мыкты ата-энесинин өмүрү өлкө менен мезгилден ажырагыс болгонун айтат. Алар коомго, Мекенге кызмат кылууну биринчи планга, ал эми жеке кызыкчылыкты экинчи планга койгон адамдардын муунуна таандык болгон. Алар да миллиондогон жердештери сыяктуу эле өздөрүн эч аябастан, башкалардын артына жашынбастан, тапшырылган ишти ак ниеттүүлүк менен, чын жүрөктөн аткарышкан. Калыйнур Үсөнбеков согушка чейин элеттик мектепте мугалим болуп иштеген. 1942-жылы март айында армияга чакырылган. Анын согуш жолу Волгадан башталып, Берлинде аяктаган. Бардык жоокерлер сыяктуу ал окопто тоңуп, Европанын жарымын жөө басып өткөн. Күндөрдүн биринде ырларды жазып, аларды республикалык “Кызыл-Кыргызстан” гезитинин редакциясына жиберген. Ырлар басылып чыгып, астында автордун талаа почтасынын номери жазылган эле. Бир канча убакыттан кийин Кыргызстандан бир кыздан кат келет. Катты Жумагүл Мусаева жазган эле. Ошентип алар таанышып, сүйлөшүп калышкан. Жумагүл менен Калыйнурдун “кат алышуу романы” бир нече жылга созулган. Аскердик эрдиктери үчүн К.Үсөнбеков эки “Кызыл жылдыз” ордени, “Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 1945-жылдын 31-майында Одерден өтүп, стратегиялык плацдармды кармап турууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 1947-жылдын жай айларында гана Жумагүл менен Калыйнур Фрунзеде жолугуша алышкан. Көп өтпөй алар баш кошуп, Москвага окууга кетишкен. Калыйнур Үсөнбеков СССРдин Аскердик юридикалык академиясында, ал эми Жумагүл Мусаева СССРдин Илимдер академиясынын география институтунун аспирантурасында окуган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• “Эмгек Кызыл Туу” ордени

• Республиканын Жогорку Советинин Ардак грамотасы

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бектурганова К.А. Жумагүл Мусаева // Кыргыз жеринин кыздары. - Бишкек: Бийиктик, 2007. - 233-238-беттер. — ISBN 978—9967—13—319— ru.m.wikipedia.org • Кыргызстандын айымдары