Жунусов Камчы

Википедия дан

Жунусов Камчы (1915-1988) - акын.

Камчы Жунусов 1915-жылы 10-августта Ноокат районундагы Беш-Бадам айылында туулган.

1930-жылдан тартып балдар үйүндө тарбияланып, 1937-жылы Оштогу айыл чарба техникумунун 2-курсун, анан республикалык партиялык мектепти жана аскердик саясий окуу жайын бүтүрөт.

К.Жунусов райондук гезиттин редактору, республикалык «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, жооптуу катчысы жана комсомолдун Жаңы-Ноокат райкомунун биринчи катчысы, Кыргызстан ЛКЖС Ош обкомунун кадрлар боюнча катчысы, «Кыргызстан» басмасында редактор, 1974-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабиятты жайылтуу бюросунун башчысы болуп иштейт.
К.Жунусовдун чыгармачылык иши негизинен 1945-жылдан башталып, ырлары, аңгемелери республикалык гезит-журналдарга үзүлбөй басылып турат. «Менин жерим» аттуу тунгуч жыйнагы 1950-жылы жарыкка чыгат.

К.Жунусов Н.Тихоновдун «Сами» поэмасын, Иордания акындарынын ырлар жыйнагын, Муса Жалил жана Тукайдын ырларын кыргызчалаган[1].

1947-жылдан СССР Жазуучулар союзунун[2], 1958-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Көп жылдык эмгеги үчүн «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» жана «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдарына, Татар АССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталарына татыктуу болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Менин жерим. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 90 б.
  • Намыс. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 87 б.
  • Жыпар: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 115 б.
  • Ак-Буура: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 140 б.
  • Тагдыр. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 247 б.
  • Meн: Аңгемелер. – Ф: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 48 б.
  • Гүлнар. Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 155 б.
  • Адам жолу түгөнбөйт. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 219 б.
  • Сырдуу булак. – Ф.: Кыргызстан, 1969.
  • Алоолонгон жылдар. – Ф.: Мектеп, 1973.
  • Жийде бурак. – Ф.: Кыргызстан, 1975.
  • Менин доорум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 40 б.
  • Мен айылда болдум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1988. – 56 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гроздь винограда: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1959. – 72 с.
  • Сердце любовью дышит: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 80 с.
  • Путь человека не кончается: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 156 с.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сен берген гүл. – Казань: Татарстан, 1960. – 54 б. – татар.
  • Ала-Тоо таңы. – Якутск, 1966. – 47 б. – якут.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Муса Жалил. Тандалган чыгармалары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 320 б. (Т.Шамшиев менен бирге.)
  • Иорданиянын акындары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 25 б.
  • Габдулла Тукай.Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 192 б.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Самаганов Жээнбай. Советтик Кыргызстан жазуучулары. — Фрунзе: Кыргызстан, 1969. — С. 386. — 644 с. — 24 000 экз.
  2. Справочник Союза писателей СССР / сост. Боровская Н. В. — М.: Советский писатель, 1959. — 707 с.