Жылдыздар дарбазасы: Аалам

Википедия дан
Жылдыздар дарбазасы: Аалам
Stargate Universe
Жанр

илимий фантастика

Жараткан

Брэд Райт
Роберт Купер

Ролдордо

Роберт Карлайл
Луис Феррейра
Дэвид Блу
Брайан Смит
Джамил Уолкер Смит
Элейна Хаффман
Элиз Левек

Мамлекет

 АКШ
 Канада

Түпнуска тили

Англис тили

Сезондордун саны

2

Сериялардын саны

40 (Эпизоддор тизмеси)

Өндүрүш
Продюсер

Брэд Райт
Роберт Купер
Карл Биндер

Режиссёр

[[|]]

Сценарий

[[|]]

Хронометраж

43 мүнөт

Студия

[[]]

Трансляция
Телеканал

Syfy

Экрандарда

2 октябрь 2009-жыл
9 май 2011-жыл

Видео форматы

1080i (HDTV)

Статус

Бүткөн

Шилтемелер

Расмий сайт

IMDb

ID 1286039

«Жылдыздар дарбазасы: Аалам»(англ. Stargate Universe), - Жылдыздар дарбазасы ааламындагы Жылдыздар дарбазасы: ЖД-1 жана Жылдыздар дарбазасы: Атлантидадан кийинки үчүнчү илимий фантастикалык телевизиондук сериал.

Сериалда байыркылар Жылдыздар дарбазасын кантип курушканын, жана тогузунчу шеврондун сырын ачышат.

Мурда белгилүү болгондой «Жылдыздар дарбазасы: Аалам» 2009 жылдын башында эки саатык кинотасма болуп дебюту болмок, бирок маалымат такталбай калды. 2009-жылдын 2-октябрынан баштап Syfy каналында ар жумалык болуп дайыма көрсөтүлө баштаган. Аткаруучу продюсерлер жана сценарийдин авторлору — Брэд Райт жана Роберт Купер[1].

2010-жылдын июнунуан баштап сериал Орусияда ТВ-3 телеканалы аркылуу көрсөтүлө баштаган.

2010-жылдын 16-декабрынан баштап SyFy каналы сериалды 2-сезондон жабуу жөнүндө жарыялайт.

Идея жана болгон орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роберт Купердин сөзүнө караганда, Жылдыздар дарбазасы: Аалам «Жылдыздар дарбазасынын» жолун сактай, бирок ошол эле учурда толук жаңы «ааламды» ачып берет[2]. Бул «Жылдыздар дарбазасы: Атлантидага» караганда - тоулк өзүнчө, эгемендүү чындык[3], а биринчисиндей болуп түпнуска сериалдын спин-оффу болбой. Продюсер Джозеф Маллоззи ынандырды, «Аалам», эска фанаттарды таң калтырбастан гана жаңыларды тапканга да жардам берет, ал үчүн Альтерандар менен Асурандарды айырмалап кереги жок. Жылдыздар дарбазасынын мифологиясында бекем турган «Жылдыздар дарбазасы: Аалам» сериалы сөзсүз түрдө жаңы жана кызык багытты жаратат.

Үчүнчү эпопеянын окуясы, качан Жер башка планеталарда өзүнүн базасы бар кездеги жакынкы келечекте болот. Бирок бул жолкусунда окуя качандыр бир Байыркылардын Аалам түйүнүнө жылдыздар дарбазасын жайылтуу максатында эксперименти болгон космикалык кемеге которулат. Дарбазалардын көптөгөн галактикаларда жайылтуусу (башка кемелер аркылуу) эксперименттин биринчи гана этабы болгон. Экинчи этапта, Байыркылардын планы боюнча каармандар түшүп калган «Тагдыр (англ.)» кемеси аркылуу,биринчи этапта дарбазалар коюлган дүйнөлөрдү изилдөө эле[4]. Бирок экинчи сезонунда билингендей башкы миссия болуп реликттик нурланууну изилдөө эле, кийинчирээк билингендей өзүндө татаал камтыган, балким, жасалма мүнөз алган жана ааламдын жаралышын каткан сыр бар эле. Бирок, экспериментти миллиондогон жыл мурун баштап, көтөрүлүп кетишкенден улам Байыркылар аны аягына чыгарышкан эмес.

Сериал, сырдуу тогузунчу шеврон изилдөөчүлөр командасын жердик эмес Икар станциясынан пилотсуз болгон Байркылардын «Тагдыр (англ.)» аттуу кемеге түшкөн жерден башталат, кийин ал жерден кайра жерге жол жок экендиги билинет[4]. Сериалдын жүрүшүндө команда, аларды Ааламдын байыркылар жол салган курс менен кетип бара жаткан кеменин бортундагы жашоого көнгөнгө далалат кылышат[1].

Долбоордун өнүгүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башында, пилоттук эпизоддун сценарийин продюсерлер Брэд Райт жана Роберт Купер 2007-жылдын жайында жазып, жана 2008-жылда премьерасы пландалган эле[3]. Болжол менен съемка тартыла баштаган датасы болуп 2009-жылдын 4-февралы эсептелинет. Телешоу Бридж студиясында тартылган, Ванкуверден алыс эмес Британия Колумбиясында[5].

Съемканын баардык учур мезгилдери, авторлордун ынандыруусуна карабай сериалдын концепсиясы дайыма катуу сынга алынган. Ушундан улам долбоордун актерлору жана авторлору бул позициялар жөнүндө дайыма жумшартуу арыздарын жарыялашкан. Бирок чыгып кеткен фрагменттер жана сериалдын Жылдыз крейсери "Галактика" сериалы менен окшош экендигин ойлонткон жерлерден, жана бул сериалда катышкан команданын бир топ катышуучулардан улам Жылдыздардар Дарбазасынын фанаттары тарабынан да катуу сынга алынган.

Каармандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Краткие характеристики на главных героев сериала были открыты миру на GateWorld 17 сентября 2008 года. Башкы каармандардын кыскача мүнөздөмөсү 2008-жылдын 17-сентябрында GateWorld дүйнөгө ачык болуп жарыяланган.

Николас Раш (ролду Роберт Карлайл ойногон)Эверетт Янг (ролду Луис Феррейра ойногон)Тамара Йохансен (ролду Элейна Хаффман ойногон)Хлоя Армстронг (ролдк Элиз Левек ойногон)Илай Уоллес (ролду Дэвид Блу ойногон)Рональд Грир (ролду Джамил Уолкер Смит ойногон)Мэтью Скотт (ролду Брайан Смит ойногон)Камилла Рэй (ролду Мин-На ойногон)Дэвид Телфорд (ролду Лу Даймонд Филлипс ойногон)
Каарман Актёр/Актриса Жашы Наамы/Кесиби/Кызмат орду Мүнөздөмө
Николас Раш Роберт Карлайл 50-55 жаш профессор Жердик эмес Икар станциясында тогузунчу шевронду изилдеген илимпоз.
Эверетт Янг Луис Феррейра 42 жашта полковник Жашыруун жердик эмес базанын убактылуу командири болгон. Сериалдын башталышына чейин эки жыл бою жубайы болгон.
Тамара Йохансен
ТиДжей
Элейна Хаффман 27 жаш лейтенант Жердик эмес миссияларга катышып жүргөн. Жөнөкөй үй-бүлөдөн. Оройураак, акылдуу, таланттуу. Сериалдын башында медицина, тажрыйба жана кеменин бортундагы медикаменнтер боюнча илимдин жетишсиздигине дуушар болот. Расмий түрдө армиядан учурдагы окуяларга чейин эки жума мурун кеткен.
Хлоя Армстронг Элиз Левек 24 жаш политолог АКШ-нын сенаторунун кызы. Анын атасынын кайгылуу кайтыш болушу жана космикалык кеменин тузагына түшүп калышы - анын мүнөзүнө олуттуу сыноо. Атасынын жолун жолдогонду эңсейт.
Илай Уоллес Дэвид Блу 26 лет компьютердик гений, жумушсуз Башкача тамаша сезими жана өзүн төмөндөн баалаган. Маал-маалым менен телетасмалар жана сериалардан тамашаларды айтып турат.
Мэтью Скотт Брайан Смит 27 жаш лейтенант Квалифицияланган жана жакшы тарбияланган SGC жаш мүчөсү. Бирок кеме үстүндөгү кризистик кырдаалдарга даяр эмес.
Рональд Грир Джамил Уолкер Смит 20 лет мастер-сержант Сырдуу өткөн жашоосу бар. Жоокам эмес учурларда өзүн өзү кармай албаган көйгөйү бар.
Камилла Рэй Минг-На Вен ЭБК өкүлү МНС Эл-аралык Байкоо Кеңешинин мүчөсү, «Икар» базасында ЭБК өкүлү. Лесбиянка.

Эпизоддору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Жылдыздар дарбазасы: Аалам» сериалынын эпизоддору маанилик планда өзүнчө да, бир нече сериалга бөлүнгөн бир окуя да болот. Жылдыздар дарбазасынын ааламына кирген мурунку сериалдарга салыштырмалуу, мында жалпы сезонго созулган сценариялык идея жана колдонуу каармандар көп[6]. Сериал 3 же 2 сезондуу болот деп ойлонулган[7][8]. Биринчи сезон 20 эпизоддон турат[9]. Экинчиси сезон да 20 эпизоддон турат

Сериалдын жабылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылдын 16декабрында Syfy расмий түрдө, «Жылдыздар дарбазасы: Аалам» сериалын токтотту.

Syfy сынчылар тарбынан тастыкталган, бирок рейтинги төмөн Каприканы октябрда токтоткондон кийин, көбү ишенимдүү айтышкан артынан Аалам да кетет деп, бирок бул убакыттын гана суроосу эле. Алар туур чыкты. Бир жума спекуляциадан кийин Syfy акыры Жылдыздар дарбазасы: Ааламды 3-сезонун тартпасын билдирип, каналдын бренди болгон Жылдыздар Дарбазасы сериалына крест койот(азырынча). Ааламдын жабылы жөнүндө твиттерде Syfy мүчөсү Крейг Энглер кабарлады.

"Syfy өзүнүн оригиналдуу укмуштуу-окуялуу экшн-сериал Жылдыздар дарбазасы: Ааламды токтотту, качан ал экинчи сезондун акыркы 10 эпизоду менен 2011-жылдын башында келгенде" - деп айтты Энглер. Жылдыздар дарбазасы бренди, Жылдыздар дарбазасы: SG-1, Жылдыздар дарбазасы: Атлантида жана Жылдыздар дарбазасы: Ааламдан турган сериалдар Syfy каналында 2002-жылдан бери чыккан.

Жылдыздар дарбазасы: Аалам сериалы 2009 жылдын күзүндө жарыкка чоң актердук курам жана такыр башка стил, мурунку брендден айрымаланып турган түрдө чыккан. Сериалдын жаратуучулары Брэд Райт жана Роберт С. Купер Жылдыздар Дарбазасыда иштеген 300 саттан кийин бренддин үчүнчүсү түзүп чыгышкан. Ал кара жана каармандарга негизделген реалисттик драма менен өзгөчөлөнгөн. 2011-2012 телесезон акыркы 14 жылдан бери, Жылдыздар дарбазасынын жаңы сералдары чыкпаган жылдар болгон. 2013 жыл дагы Жылдыздар дарбазасысыз өтөт.


2011 жылдын 10-ноябрында Роберт Купер өзүнүнү твиттердеги баракчасына, учурда MGM менен Жылдыздар дарбазасы: Аалам сериалын көрсөтчү канал издеп жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазган. Сүйлөшүүлөр MGM толук баш тартуусу менен бүттү.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиркмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Hibberd, James. "Stargate" stays open with new series, Reuters (22 -август (баш оона) 2008). Текшерилген күнү 22 -август (баш оона) 2008.  (англ.)
  2. "michelle". Cooper, Wright Talk Stargate's Future. Solutions Blog. Stargate SG-1 Solutions (4 -январь (үчтүн айы) 2007). Текшерилген күнү 3 Апрель 2007. Түп булактан архивделген күнү 17 -март (жалган куран) 2012.  (англ.)
  3. 3.0 3.1 Sumner, Darren Universe deals with ninth chevron. Stargate News. Gateworld (24 -март (жалган куран) 2007). Текшерилген күнү 3 Апрель 2007. Түп булактан архивделген күнү 17 -март (жалган куран) 2012.  (англ.)
  4. 4.0 4.1 Sumner, Darren and Read, David. Stargate Universe Revealed!. gateworld.net (April 5, 2008). Текшерилген күнү 5 Апрель 2008. Түп булактан архивделген күнү 17 -март (жалган куран) 2012.  (англ.)
  5. Sumner, David Stargate Universe to film in February. GateWorld (September 12, 2008). Текшерилген күнү 12 -сентябрь (аяк оона) 2008. Түп булактан архивделген күнү 17 -март (жалган куран) 2012.  (англ.)
  6. Mallozzi, Joseph January 16, 2009: Link Issues, Book Discussion, Internet News, and the Mailbag. josephmallozzi.wordpress.com (January 16, 2009). Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 17 -март (жалган куран) 2012.  (англ.)
  7. Mallozzi, Joseph and Wright, Brad. January 2, 2009: Brad Wright Answers Your Questions. josephmallozzi.wordpress.com (January 2, 2009). Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 27 -август (баш оона) 2011.  (англ.)
  8. Sumner, Darren An Expanding Universe — GateWorld talks with Brad Wright & Robert Cooper. GateWorld (April 2009). Текшерилген күнү 22 Апрель 2009. Түп булактан архивделген күнү 27 -август (баш оона) 2011.  (англ.)
  9. Mallozzi, Joseph January 24, 2009: To Haggis or Not to Haggis?. josephmallozzi.wordpress.com (January 24, 2009). Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 17 -март (жалган куран) 2012.  (англ.)

Калып:StarGate-stub