Жылуусуу мөңгүлөрү

Википедия дан

Жылуусуу мөңгүлөрүАлай кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Батыш жана Чыгыш Ж. м.). Сох суусунун оң курамы – Кожашкандын башында жайгашкан. Аларды меридиан багытта созулган тоо тармагы бөлүп турат. Батышындагы мөңгүнүн yзундугу 4,6 км, аянты 7,1 км2; башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 3,5 км2. Чыгышындагы мөңгүнүн узундугу 5,7 км, аянты 6,4 км2; башы деңиз деңгээлинен 4500 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Мөңгүлөрдөн Сох суусунун башаты – Жылуусуу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]