Жыпар Жекше

Википедия дан
Жыпар Жекше. 05.7.2008.


Жыпар Жекше (Жыпар Жекшеевич Жекшеев; 26.5.1947––21.7.2020) –– Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер, “Ашар” жана КДК уюмдарынын негиздөөчүлөрүнүн бири, мурдагы парламент депутаты, публицист, кесиби боюнча сүрөтчү. Ал Үчүнчү даражадагы "Манас" орденинин (31.12.2015) жана "Даңк" медалынын ээси болгон.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыпар Жекше 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган.
СССРдин аскер деңиз күчтөрүндө Мурманск шаарында кызмат өтөгөн.
Ал 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
Жыпар Жекше 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.
Ал Кыргызстандын эгемендик алуу үчүн күрөшүнө бараандуу салым кошкон. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.
Кийинчерээк, КДК табигый ыдырай баштаганда, 1993-жылы ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылы” партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Ж.Жекше 1995––2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.
2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тартып ал Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.
2007––2009-жылдары Жыпар Жекше Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген.
2009-жылы ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин бири болгон.
2017––2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.
Жыпар Жекше 2020-жылы 21-июлга караган түнү Бишкектеги улуттук ооруканада өпкө кагыны оорусунун айынан каза болду. [1]

21-июлда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндө маркум Жыпар Жекшенин тажиясы болду. Бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү чыгып сүйлөгөн чакан эскерүү жыйынынан соң жаназа окулуп, маркумдун сөөгү жерге берилди. [2]

Чыгармачылыгы. Публицистикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыпар Жекше Кыргызстандын "Кайра куруулар" доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыпар Жекшенин жубайы –– Мира Усубакунова.
Уулдары –– Адилет, Азамат, Айбек жана Азият; кыздары –– Аэлита менен Аида.
Ата-бабалары: атасы – Жекше, чоң атасы – Эсенкожо, чоң чоң атасы – Токтосун.
Энеси – Канышай Абдрахман кызы Эсенкожоева.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени (31.12.2015) [3]; (сыйлык Ж.Жекшеге 2016-жылы 20-январда тапшырылган) [4];
  • Кыргызстандын “Даңк” медалы,
  • “Манас–1000” эстелик медалы,
  • Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Чыгармаларынын кыска тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жекшеев, Жыпар. Атуулдук ар-намыс ойгонгондо: Макалалар, эскерүүлөр / Түзгөн Венера Сагындык кызы; жооптуу ред. проф. Т.Чоротегин. - Бишкек: Турар, 2021. - 588 б., 0,25 б.т. тиркеме, түстүү сүрөт. -- "Тарых жана мурас" түрмөгү. -- ISBN 978-9967-35-031-1.
  • Чындык бир гана өзүңдө. –– Бишкек, 1997. –– 260 б.
  • Атуулдук биримдикке чакырам. –– Бишкек, 2003. –– 110 б.
  • Нам нужен гражданский союз. –– Бишкек, 2003. –– 96 стр. (орусча).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/jypar_jekshe_death_21-7-2020_news/30738193.html
  2. https://www.azattyk.org/a/jypar_jekshe_funeral_21-7-2020_ky/30740122.html
  3. http://www.president.kg/files/docs/Citizenship/uluttuk_ekonomikanyi_chyidoo_jyilyinyin_jyiyyintyigyi_boyuncha.pdf
  4. https://rus.azattyk.org/a/27500610.html