«Ашар»

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

«Ашар» – коомдук-саясий кыймыл. 1989-ж. 15-июлда уюштуруу конференциясы болуп, ага 32 баштапкы уюмдан 250 делегат катышкан. «Ашардын» уставы каттооодон 1991-ж. 20-декабрда өткөн. 1989-ж. май-июнь айларында батирлерде жашап жүрүшкөн миңдеген кыргыз жаштарынын Фрунзе шаарынын тегерегиндеги жерлерди үй куруу үчүн өз алдынча басып ала башташы «Ашардын» түзүлүшүнө себеп болгон. Кыймылдын уюштуруу конференциясын даярдоо учурунда жана уставын каттооодон өткөрүүгө бийлик тарабынан бут тосуулар болгон. Бийликтегилердин максаты бул жаңыдан пайда болуп жаткан кыймылга саясий мүнөз бербей, аны жалаң гана экономикалык ишмердүүлүк менен чектеп кыймылдын ордуна чакан кооператив түзүп коюу эле. Бирок, райондук эле каттоодон өткүндөгүнө карабастан «Ашар» кыймылы тез арада күч алып, кийинки айларда жалпы улуттук кыймылга айланды. Кыймылдын составына коллективдүү мүчө болуп киргендердин саны күн санап көбөйүп, анын эсебине чоң суммадагы акча которулган. 1999-ж. август-сентябрь айларында үй куруучуларды курулуш материалдары менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө келгенде «Ашар» кыймылынын активисттери менен бийликтегилердин оргосунда кагылышуулар башталган. Ушул мезгилден баштап «Ашарды» саясий кыймылга айландырууну жактоочулар менен саясатка кийлигишүүнү каалабагандардын ортосунда пикир келишпөөчүлүктөр күч алып, бул кыймылда эки агымдын, эки канаттын пайда болушуна алып келген. Уюштуруу конференциясы «Ашардын» Кеңешин (төрагасы – Усупов Жумагазы (Жумагазы Усуп – чоң аюу)) жана аткаруу комитеттин төрагасы – Ж. Жекшеев шайланган. «Ашар» кыймылынын саясатташкан бөлүгүн Ж. Жекшеев жетектеген. Бул багыттын саясий ишине каршы болгон Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү, б. а. «десаясатташкан» бөлүгү аткаруу комитетин таркатуу жөнүндө чечим кабыл алып, анын ордуна «убакылуу уюштуруу комитетин» түзүшкөн. Бул чечим 1990-ж. январдагы жаштардын толкундоолору учурунда кабыл алынгандыктан, «Ашар» кыймылынын көптөгөн катардагы мүчөлөрү таркатылган аткаруу комитети тарабында кала беришкен. 1990-ж. февралдын башында Ж. Жекшеев жана кыймылдын дагы бир катар лидерлери бийликтин кысымы астында Фрунзе шаарынан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. 1990-ж. жазынан «А-дын» саясатташкан канаты улуттук саясий оппозициянын борборуна айланган. «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» составына киришкен. Жер участокторун (тилкелерин) бөлүп берүү жана «Ашар» коомун түзүү менен жаштардын үйгө болгон муктаждыктары чечилген жок. Бишкектин айланасынан улам жаңы жерлерди басып алуулар улантыла берди. Ошентип, 1990-ж. сентябрда үй куруучулардын «Көк-Жар», 1991-ж. июнда «Бишкек» ыктыярдуулар, «Келечек» коомдору түзүлгөн. 1990-ж. апрелде Ош шаарында да беш миңден ашык (үй-бүлө башчылары) мүчөлөрү бар үй куруучулардын «Ош аймагы» бирикмеси уюшулган. Буга чейин, 1989-ж. Ош шаарында кыргыздардын «элдик демократтык фронту» жана өзбектердин «Адолат» бирикмелери бар эле. «Ашар» жана башка коомдордун негизги максаттары өздөрүнүн мүчөлөрүн жеке менчик үй куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу, архитектурадагы улуттук стилди кайра жаратуу жана өнүктүрүү, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тилин, салтын жана үрп-адатын үйрөнүү ж. б. болгон. Кыргыздардын улуттук сезиминин, саясий жигердүүлүгүнүн жана жалпы саясий маданиятынын өсүшүнө Ашар коомдук-саясий кыймылы чоң таасир тийгизген.


Китептин маалыматтары: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9