Жыт сезүү

Википедия дан

Жыт сезүүжаныбар жана адамдын жыт билдиргич клеткаларынын жардамы менен жыт ажыратуучу нерв клеткалары аркылуу түрдүү жытты туюнуусу. Туюнуу жыт билдиргич рецепторлор аркылуу мээнин чоң жарым шарларынан жыт билдиргич зонага өткөрүп, ал жерде жыт ажыратылып таанылат. Мурун көңдөйүнүн былжыр челинде эбегейсиз көп жыт билдиргич рецепторлор жайгашкан. Жыт сезүү рецепторлоруна жыт дем алганда мурун көңдөйү аркылуу барат. Тамактын жыты тамакты чайнап, жутарда каңылжаарга өтүп, ооз көңдөйү аркылуу таралат. Мында тамактын даамынан башка жыты да сезилет. Ар кимдин жыт сезүү анализаторлору ар түрдүү. Кээ бирөөнүкү абдан жакшы өөрчүсө, айрымдарда начар өөрчүгөн. Мисалы, адамда, маймылда жана куштарда начар, ал эми жашоосунун негизги максаты тамак табуу жана көбөйүү болгон жаныбарлардын Жыт сезүү органдары абдан күчтүү өнүккөн. Иттин жыт сезүү органдары адамдыкына караганда 10000 эсе күчтүү өөрчүгөн, аңчы иттер 800—1000 м аралыкта турган бөдөнө же өрдөктүн жытын сезишет. Көп жаныбарлар жыт кубалап тамак таап жейт, душманы жакындап келатканын туят. Жыт сезүү органдардын физиологиялык жактан бузулушуна байланыштуу өзгөрүүсү (начарлап же күчөп кетүүсү) мүмкүн. Улгайган адамдардын жыт сезүүсү начарлайт, ал эми боюнда бар аялдардыкы өтө күчөйт. Эгерде түрдүү жыттар көпкө чейин таасир этсе, жыт сезүү рецепторлору ошол жытка көнө баштайт. Жыт билдиргич рецепторлор бузулушу да мүмкүн. Алар жыт билдиргич рецепторлордун өтө күчөшүнө же такыр сезбей калышына же тескерисинче, болбогон жыттардын пайда болушуна алып келет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8