Жүрөк массажы
Жүрөк массажы - жүрөк токтоп калганда анын ишин калыбына келтирүү жана жүрөк иштегиче кан айланууну жүргүзүп туруу максатында жасалган механикалык таасир.
Жүрөк массажы жүрөк токтогон бардык учурда жасалат. Жүрөк таажы сымал кан тамырлары кысылганда, жүрөк өтө начарлаганда, миокарддын инфарктында, оор кырсыкка чалдыкканда, чагылган тийгенде же электр тогу урганда токтошу мүмкүн. Жүрөк токтогондо адам эсинен танат, күрөө тамыр артериясы какпай, таптакыр дем албай же анда-санда алсыз дем алат, өңү кубарат, кареги чоңоёт.
Жүрөк массажынын эки түрү бар: кыйыр же сырттан (жабык) жана түздөн-түз же ичтен (ачык) массаж деп аталат.
Кыйыр массаж көкүрөктүн жүрөк жайгашкан тушун кысуу жолу менен жасалат, жүрөк төш сөөгү менен арка омурткасынын ортосунда кысылганда андагы кан кан тамырларга куюлат. Кысуу токтолгондо жүрөк калыбына келип, кайра венага кан толот. Жүрөккө кыйыр массаж жасоону ар бир адам билүүгө тийиш. Массажды мүмкүн болушунча жүрөк токтор замат жасоо керек. Оорулууну түз, катуу жерге (полго, тактайга) жаткырат. Жардам берип жаткан адам оорулуунун оң же сол жагына туруп, алаканын анын төш сөөгүнүн уч жагына туштап коёт. Анын үстүнө экинчи алаканын коюп, салмагын салып күч менен тез-тез (секундасына 1 жолу) ыргактуу басат. Ар бир баскан сайын колду тартып алып, жүрөккө кан толууга мүмкүндүк берүү зарыл. Вена кан тамырларындагы кан жүрөккө жакшы куюлушу үчүн оорулуунун бутун көтөрүңкү коюу керек. 10-12 жаштагы балдарга Жүрөк массажы бир кол менен жасалат, ал эми ымыркайларга эки манжанын учу менен жасоо жетиштүү. Массаж жасап жатканда сөзсүз жасалма дем алдыруу (ооздон оозго, ооздон мурунга) керек. Ар бир дем алдырган сайын жүрөктү беш жолу кысат, ошентип минутасына 12 жолу дем алдырып, 60 жолу жүрөктү кысуу керек. Кыйыр Жүрөк массажы жөнөкөй, бирок эң натыйжалуу ыкма болуп, көп адамдын өмүрүн сактап калууга өбөлгө түзөт: ал биринчи жардам катары көрсөтүлөт. Жүрөк массажынын натыйжасын каректин кичирейишинен, тамырдын өзү кага баштоосунан, дем алганынан баамдоого болот. Массажды врач келгиче же өлүк сыны киргиче жасоо керек.
Түздөн-түз Жүрөк массажы көкүрөк көңдөйүнө колду салып жүрөктү улам сыгып туруу менен жүргүзүлөт. Мындай массажды көкүрөк көңдөйүнө операция мезгилинде хирург жасайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8