Мазмунга өтүү

Жүрөк шыбыры

Википедия — ачык энциклопедия
Жүрөк шыбыры
РежиссеруЙошифуми Кондо
ПродюсерТосио Судзуки
СценарийиХаяо Миядзаки
ОператоруАцуси Окуи
Негизинде Жүрөк шыбыры
автору: Аой Хиираги
ТартылгандарЙоко Хонна
Иссей Такахаси
Такаси Татибана
Шигеру Мурои
Сигеру Цуюгути
Кэйдзү Кобаяси
МузыкасыҮдзи Номи
РедакторуТакеши Сеяма
СтудияStudio Ghibli
ЖайылтуучуToho
Чыккан жылы
  • июль 15, 1995 (1995-07-15)
Узактыгы111 мүн.
Өлкөсү Жапония
ТилиЖапон

"Жүрөк шыбыры" (жапон тилинде: 耳をすませば: Mimi o sumaseba: сөзсө-сөз котормосу: "Эгер кунт коюп укканда", англ. Whisper of the Heart, орус. Шёпот сердца) - 1995-жылы Йошифуми Кондо тарткан жапон романтикалык анимация. Хаяо Миязаки Аой Хиирагинин ушул эле аталыштагы мангасынан алып сценарий жазган. Роль аткаргандар: Йоко Хонна, Иссей Такахаси, Такаси Татибана, Шигеру Мурои, Сигеру Цуюгути жана Кэйдзү Кобаяси. Бул Миязаки же Исао Такахата режиссерлук кылбаган "Гибли" студиясынын алгачкы театралдык тасмасы болуп эсептелет.

"Жүрөк шыбыры" режиссер Кондонун 1998-жылы көз жумганга чейинки жалгыз тасмасы болуп калды. "Гибли" студиясы Кондо Миязаки жана Такахатанын жолун уланткан мураскери болмок деп үмүттөнгөн эле.

Бул тасма жети жыл бою 2002-жылы "Мышыктын кайтып келиши" тасмасы тартылганга чейин "Гибли" студиясынын Миязаки же Такахата режиссерлук кылбаган жалгыз тасмасы болуп келген.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]