Запольский Виктор Михайлович
Запольский Виктор Михайлович | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Запольский Виктор Михайлович |
Туулган жылы: | 1946-жылы 6-ноябрь |
Туулган жери: | Ашхабад шаары, Түркмөн Республикасы |
Өлкө: | Түркмөн Республикасы |
Ишмердүүлүгү: | Жазуучу |
Запольский Виктор Михайлович Түркмөн Республикасынын Ашхабад шаарында 1946-жылы 6-ноябрда туулган. 1966-жылы В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, мектепте мугалим болуп иштеген. 1972-жылы журналисттик кесипке өтүп, «Комсомолец Киргизии» гезитинин башкы редактору, «Вечерний Фрунзе» гезитинин башкы редактору, 1991-жылдан «Дело №...» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келе жатат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин легендарлуу парламентинин депутаты болгон. 1975-жылы жана 1978-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган. Анын «День запоздалых визитов», «Подарок» повесттери жана «Портрет», «Качели» аңгемелери «Литературный Киргизстан» журналына жарыяланган. 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чив, Чебаков и другие: Повести и рассказы – Ф.: Мектеп, 1978. – 156 с.
- Вика, Викторая – мапина дочка (именно маПина!): Повесть. – Ф.: Мектеп, 1984. – 170 с.
- Новоселье в старом доме: Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 140 с.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|