Земарх Киликиялык

Википедия дан

Земарх Киликиялыквизантиялык элчи. 568-ж. Улуу Түрк каганы Истемиге (Дизабулга) келип, Византия менен Түрк кагандыгынын Сасанийлик Иранга каршы согуштук союзду түзүү келишимине катышкан. Ал Талас, Чүй өрөөндөрүндө, Теңир-Тоонун Актаг (Актоо) деген жеринде болгон. Анын түрк элдеринин чарбасы, турмушу, маданияты, дини тууралуу байкоолорун жана ага Истеминин кыргыздын бир күң кызын белекке тартуулагандыгын византиялык тарыхчы Менандр Протектор жазып калтырган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.