Зенги Баба

Википедия дан

Зенги Баба — элдин ишениминде уйдун колдоочу пири, ээси. Диний түшүнүктө 3. б. жылоологон адамдын уюнун тукуму көбөйүп, бай болот. Эпостун негизги варианттарындагы жай турмуш көрүнүштөрүн сүрөттөгөн окуяларда 3. б. жөнүндө эскерилет. Көкөтөйдүн ашында анын төрт түлүк малынын эпсиз көп экендиги саналып өткөндө “Сыр боюнда салдырган, Заңги баба мал экен, Эсеп кылса уйлары, Эки жүз миң бар экен” деп айтылат. Ошондой эле "Манас" эпосунун “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрүндөгү окуяларда да 3. б. жөнүндө эскерилет.

Юсуповдон “Семетейдин” обонун, Актан Тыныбек уулунан “Семетей күү” жазылып, “Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обону” деген ат менен 1934-ж. Москвадан жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4