Зоналык теория

Википедия дан

Зоналык теория — катуу ваттардыкы - квант механиканын катуу заттардагы электрондордун кыймылын изилдөөчү бөлүмү.

Эркин электрондор ар кандай чоңдуктагы энергияга ээ болушу мүмкүн, алардын энергетикалык спектри үзгүлтүксүз. Изоляцияланган атом электрондорунун энергетикалык спектри дискреттүү (үзгүлтүктүү) келип, белгилүү мааниге ээ болот. Катуу заттардын электрондорунун энергетикалык спектри тоскоол зона менен бөлүнгөн айрым өткөөл энергия зоналардан турат.

Зоналык теория катуу заттардын азыркы мезгилдеги теориясынын негизи. Ал металлдардын, жарым өткөргүчтөрдүн жана диэлектриктердин табиятын жана негизги касиеттерин түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.