Ибибио

Википедия дан

Ибибио (агбишера) – эл. Нигериянын түштүк-чыгышында (Кросс-Ривер жана Аква-Ибом штаттарында), ошондой эле Камерунда жана Экватордук Гвинеяда жашайт.
Жалпы саны 10 миллиондон ашык адам. Басымдуу көпчүлүгү Нигерияда жашайт.

Тил

Ибибио тилинде жана анын эфик диалектисинде сүйлөшөт. Көпчүлүк англис тилин билет.

Дин

Көпчүлүгү христиандар, бирок салттуу ишенимдердин жактоочулары да бар. Салттуу культтар – жаратылыштын рухтары (ндем), ата-бабалар, эң жогорку жаратуучу кудай Абасси.

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген айыл чарбасы өнүккөн. Күрүч, ямс, маниок, жүгөрү, банан, какао, каучук, жержаңгак, кокос өстүрүлөт. Ошондой эле мал чарбасы (чочко, үй канаттуулар) жана балык уулоо да маанилүү.

Кол өнөрчүлүк

Көркөм кол өнөрчүлүк: токуу, жыгачтан оюу, шуру менен тигүү, геометриялык формадагы томпок жана "чачтуу" маскаларын чыгаруу.

Турак жай

Турак жай тик бурчтуу, өрүлгөн дубалдын сырты жана ичи чопо менен капталган.

Коом

Коомдук уюм тукумдардан жана чоң үй-бүлө жааматырынан турат. Салттуу эркектер жана аялдардын союздары сакталып калган. Эгиздөө системасы кеңири таралган.
Нигериянын саясий жана бизнес элитасынын арасында ибибио элинин көптөгөн өкүлдөрү бар.

Сруктура

Ибибио уруу топторуна жана өзүнчө урууларга бөлүнөт:

  • Чыгыш (ибибио өздөрү) — 25 уруу;
  • Батыш (ананг) — 14 уруу;
  • Түндүк (эньонг) — 2 уруу: нкалу жана окун;
  • Түштүк (экет) — 2 уруу: окобо жана орон;
  • Дельта (андони-ибено) — ибино;
  • Дарыялык (эфик).

Тарых

Азыркы ибибио топтору ар кандай миграциялардын жана ассимиляциялардын натыйжасында түзүлгөн. 15-кылымдан баштап деңиз жээгиндеги уруулар европалыктар менен байланышып, кул соодасында ортомчуларга айланган, анын эң маанилүү борборлорунун бири Калабар шаары болгон.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Ибибио тили