Ибраимкулов Рыскулбек

Википедия дан

Ибраимкулов Рыскулбек (22. 4. 1928, Суусамыр өрөөнү - 2003, Суусамыр кыштагы) - эмгек ардагери.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1961; сырттан окуган) жана Кыргызстан КПБКнын жогорку партиялык мектебин бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1942-ж.
  • «Суусамыр» колхозунда эсепчи болуп баштаган.
  • 1949-52-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1952-56-жылдары Суусамыр айьшдык кеңешинин төрагасы,
  • 1956-75-жылдары Калинин районунда Суусамыр өрөөнү боюнча ннструктор, 1-Май, 8Март, Тунук орто мектептеринин директору кызматтарында иштеген.
  • Ал кыргыз элинин урууларынын тарыхын билген санжырачы да болгон.
  • «Ардак Белгиси» ордени жана 1946-ж. «Улуу Ата-Мекендик согушта «Эмгектеги каармандыгы үчүн» ж. б. медалдар менен сыйланган.
  • Айылдык жана райондук кеңештерге бир нече жолу депутат болуп шайланган.
  • Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9