Иван Вазов

Википедия дан

Вазов, Иван Минчов (9. 7. 1850, Со­пот — 22. 9. 1921, София) — болгар жазуучусу, коомдук ишмер.

Bазов Иван Минчов
  • 1875-ж. Болгарияны азат кылууну көздөгөн жашырын революциячыл комитетке кирген.
  • 187677-ж. Румынияда эмиграцияда жүргөн. Орус-турк согушунда (1877—78) орус армиясына кызмат кылган.
  • Болгария түрк эзүүсүнөн бошонгондон кийин Берковица шаарында сот (1879—80), Пловдивде Обл. жыйындын Туруктуу комитетине мүчө (1880—85) болгон.
  • Катаал диктатордук режим учурунда Одессада убактылуу жашаган (1887—89).
  • 1897—99-ж. агартуу министри болуп иштеген.
  • Чыгармачылыгы 1870-ж. башталган. Болгар элинин турк бийлигине каршы күрөшүн, азаттык алгандагы кубанчын сүрөттөгөн «Туу жана гусла» (1876), «Болгария кайгысы» (1877), «Кутулуу» (1878) деген ыр жыйнактарын жарыялаган. Революциячыл-патриоттук темадагы ырларынын мыктысы — лирикалык-эпикалык «Унутулгандар эпопеясы» (1881—84) аттуу поэмалар цикли.
  • Вазовдун чыгармалыгында орус-болгар достугу да маанилүү орун ээлейт. Адепки поэзиясында X. Ботев менен В. Гюгонун, кийинкилеринде А. С. Пушкин, Н. А. Некрасовдордун кыйла таасири бар. В. 1880—90-ж. проза жанрында иштеп, Румынияда болгар эмигранттары жөнүндөгү «Куугунтук жегендер» (1883—84), 1876-жылкы болгар элинин көтөрүлүшү жөнүндөгү «Эзүү астында» (1889—90), социалдык ашкерелөө темасында «Жаңы жер» (1896), «Казалар ханшасы» (1903) дегендей чыг-лар жаз- ган. В,— драмалык чыгармаллардын да автору («Куулгандар», 1894; «Жылуу жер издегендер», 1903 ж. б.).
  • Вазовдун Балкан согушу менен 1-дуйн. согуш убагындагы чыгармаларында улутчул тенденциялар орун алган. Анткен менен ал негизинен демократчыл идеологияны жактаган жазуучу катары таанылган. Анын чыгармачылыгы — болгар сын реализминин жогорку этабы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.