Игорь Евгеньевич Тамм
Игорь Евгеньевич Тамм (1895-1971) - советтик теоретик-физик, (1958-ж. П.А. Черенков жана И.М. Франк менен бирге) физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1954). Сталин сыйлыгынын эки жолку лауреаты.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Таммдын илимий ишмердиги негизгинен кванттык механика, катуу заттардын физикасы, нурлануу теориясы, атом физикасы, элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасына жана ошондой эле бир катар колдонмо маселелердин чечилишине багытталган.
1932-жылы ал катуу заттардын бетинде беттик абалдардын болушун теориялык жактан алдын ала айткан эмгегин жарыялаган (беттик абалдардын бул түрү азыр Тамм абалы деген ат менен белгилүү).
1937-жылы И.М. Франк менен бирге чөйрөдөгү бөлүкчөлөрдүн ал чөйрөдөгү жарыктын ылдамдыгынан ашкан ылдамдыктагы кыймылын сүрөттөгөн (Франк - Тамм формуласы). Бул эмгек мурдагы тажрыйбалардан (Вавилов - Черенков эффекти) белгилүү болгондорду ачыктаган. Бул ачылыш үчүн Черенков, Франк жана Тамм 1958-жылы физика боюнча Нобел сыйлыгын алышкан. 1945-жылы талаанын кванттык теориясынын маселелерин чыгаруу ыкмасын иштеп чыккан. Бул ыкма кийин Тамм - Данков ыкмасы деп аталган.
А.Д. Сахаров менен бирге плазманы "токамакта" (магнит түргүчтүү тороидал камера) кармап туруунун принциптерин иштеп чыккан.
С.П. Шубин, Е Л. Фейнберг, В.Л. Гинзбург, Л.В. Келдыш, Д.И. Блохинцев, М.А. Марков, А.Д. Сахаров, В.Г. Кадышевский, С.А. Альтшулер, Д.А. Киржниц, А.А. Власовдор анын шакирттери болуп эсептелишет.